Президенттик шайлоо качан болору талаш жаратабы?

Кыргызстандын экс-Адилет министри жана спикери Мукар Чолпонбаевдин айтымында, Социал-демократтар партиясынын президенттик шайлоо 2009-жылы болот, себеби Курманбек Бакиев 2003-жылкы Конституция боюнча шайланган деген демилгеси ишке ашпайт, -деп “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы кабыл алынган Конституция азыр мыйзамдык күчкө ээ болгондон кийин бардык аракеттер ошол Баш мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт. Социал-демократтар Конституциялык Сотко кайрылган учурда да ушундай жооп алары шексиз. Социал-демократтар партиясынын депутаттары кечээ “Акыйкат үчүн” кыймылынын 29-декабрдагы курултайында мына ушул маселени талкуулоого даярдык жүрүп жаткандыгын билдиришкен.(BD)