HRW: Түштүк Осетияда грузиндерди кодулап жатышат

Эл аралык Human Rights Watch уюму Түштүк Осетияда куралдуу топтор грузиндерге кол салып, кодулап-кордоп жатышканын кабарлады. Укук коргоочулар мындай иштерге кайдыгер караганы үчүн орус аскерлерин айыпташты.
Human Rights Watchтун өкүлдөрү өткөн аптада Түштүк Осетияда болуп, айрым райондордо куралдуу топтор грузиндерге бир нече ирет кол салышканын, бир адам набыт болгонун аныкташкан.

Уюмдун Москвадагы кеңсесинин орунбасар директору Татьяна Локшина ноябрь айында эле куралдуу осетин отряддары жергиликтүү грузиндерди, негизинен улгайган адамдарды урап-сабаган эки учур катталганын маалымдады. Канчевети кыштагында бир абышка токмок жеп,эки жумадан кийин Тбилисиде ооруканада көз жумган.

Локшина грузиндер жашаган кыштактардагы кырдаалды Түштүк Осетиядагы курч проблема деп атады. Айылдар толугу менен майканы чыгып, кызыл уук болуп кыйраган. Ал жерлерде жашаган грузиндер кайда барып баш катарын билишпейт, алар үчүн сыйынт кылар жер жок. Айрым кыштактарда экиден-үчтөн гана абышка-кемпирлер калышкан, алар да толугу менен Кызыл Чырым уюмунун кароосунда турушат.

Укук коргоочулар грузиндер жашаган айыл-кыштактар ушу кезге чейин таланып-тонолуп жатканын байкашкан. Каракчылар айыл-кыштактарга тынбай жортуулдап турушат. Алар грузиндерди гана эмес, аралаш үй-бүлөлөрдү, атүгүл грузин айылдарында жашаган осетиндерди да талап-тоноп кетишет.

Human Rights Watch бул иштерди тезинен токтотуу үчүн Россиядан түштүк-осетин бийликтерине кысым көрсөтүүнү талап кылды. Уюмдун билдирүүсүндө Түштүк Осетиядагы куралдуу топтордун каракчылык иштери, грузиндерди кодулап, кордогон аракеттери үчүн “оккупациялык өлкө” катары жоопкерчилик Россияга жүктөлөрү эскертилет.

Укук коргоочулардын билдирүүсүн Москвада жана Цхинвалда ырасмий өкүлдөрдөн эч ким комментариялаган жок. Орус бийликтери эл аралык уюмдарды, анын ичинде Human Rights Watchту Кавказдагы жагдайга натуура баа берет деп сындап жүрөт.