“Газпром” Украинанын мамлекеттик “Нафтагаз” концерни менен Киевдин орусиялык газ үчүн карызы боюнча макулдашууга жетишти. “Газпром” тараткан маалыматка ылайык, украиналык “Нафтагаз” сентябрь жана октябрдын жарымы үчүн карызды 1-декабрда төлөйт. Мындай чечим украиналык “Нафтагаз” концернинин жетекчиси Олег Дубин менен “Газпромдун” башчысы Алексей Миллердин Москвадагы жолугушуусунда кабыл алынды. Орус өкмөтүнүн көзөмөлүндөгү “Газпром” буга чейин эгерде “Нафтагаз” 1-январга чейин 2 жарым миллиард долларды түзгөн карызын толугу менен төлөбөсө, Украинага газ берүүнү токтоторун билдирген.