Жалал-Абат облусунда аялдарды басмырлоого каршы акция башталды

Бүгүн башталган 16 күндүк акциянын алкагында аялдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөр айыпталат. Жалгыз бой жана көп балалуу, күйөөсүз аялдардын, үй-бүлөсү менен жубайынан ыдык тарткан зайыптардын укуктарын коргоо үчүн атайын тасмалар Барпы театрында, облустагы кары-картаңдар үйлөрүндө көрсөтүлөт. Жаштар арасында үй-бүлөлүк чыр-чатактарды болтурбоо, бүлө куруу, балдарды тарбиялоого болгон жубайлардын милдет-укуктары тууралуу окуу, тегерек үстөл жана суроо-жооп кечелери уюштурулат. Акция Адам укуктары боюнча декларациянын 60 жылдыгына чейин жер-жерлерде улантылып, 10-декабрда жыйынтыкталат. Бул тууралуу облустагы «Лидер аялдар» бирикмесинин төрайымы Жанна Саралаева билдирди. Анын айтымында аялдарга зомбулук көрсөтүү жылдан жылга көбөйүүдө. Быйыл укуктарын коргоп берүүнү өтүнүп бирикмеге 52 жаран кайрылган. (YA)