Бүгүн Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын Коопсуздук кеңеш катчыларынын жыйыны болот. Анда эки өлкөнүн чегарасы жана талашта турган аймактар тууралуу сөз болот. Коопсуздук кеңеш катчысы Адахам Мадумаров жыйындан кийин Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорундагы диний мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушуп, диний кырдаалды талкуулайт.(BD)