Бүгүн интернет-журналистиканын жагдайы талкууланат

Тегерек үстөл “Кыргызстандагы интернет-журналистиканын азыркы абалы: проблемалар жана келечеги” деп аталып, ага депутаттар, эксперттер, журналисттер, өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышаары күтүлүудө. Талкууну Улуу Британиянын Астана элчилигинин колдоосу менен Бишкек пресс-клубу уюштурууда. (BuS)