Ошентип элдешкис оппозициянын элдик жыйыны 18-ноябрда жергиликтүү бийликтин уруксаты менен Таластагы стадиондо өттү. Жыйындын жүрүшүндө күтүүсүз окуялар катталган жок. Тартип коргоо, коопсуздук кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү оппозициянын жыйынын акмалап туруу менен чектелишти.
Элдик жыйынга 1,5 миңге чукул киши катышкандыгы тууралуу кабар тарады. Жергиликтүү бийлик болсо “революциячыларды” колдоп стадионго 250 чамалаш киши келди деген маалымат берди. Кандай болгон учурда да “революциячылар” Таластан канагаттанып кайтышты, жыйын кыймылды расмий түзүп, Кыргызстандагы жаңы тарыхты баштады дешти. Кыймылды негиздөөчүсү Азимбек Бекназаровдун айтымында Таластагы жыйын Бишкектеги апрель митингдеринен, Түп жүрүшүнөн кийин шаабайы сууй түшкөн элде ишеним жаратты:
- Эң башкысы бир үй-бүлөнүн кулу болуудан боштондук кыймылына кадам ташталды. 100% эл ошол идеяны колдоду. Анан дагы Таласта өткөн элдик жыйындан кийинки үч-төрт күндөн бери тынбай Оштон, Жалал-Абаддан, Баткенден, Нарындан, Ысык-Көлдөн, жер-жерлерден тынбай телефон чалып атышат мени куттуктап. Апрель митингдеринен кийин, Түптөн кийин рухубуз өчүп калды эле, кайрадан пайда болду, туура кылдыңар, азаматсыңар деп атышат. Бул Таластагы жыйын максатына жеткенин тастыктап атат.
Таластагы элдик жыйында президент Курманбек Бакиевди күч менен кетирүү керекпи же шайлоо аркылуу алмаштыруу керекпи деген эки маселе көтөрүлүп, көпчүлүк биринчисин жактады. Ошондой эле жыйын Элдик кеңеш деген аталыштагы башкаруу органын түзүп, анын башына Азимбек Бекназаровду койду.
Бекназаров элдик революциялык кыймылдын негиздөөчүсү катары белгилүү. Ал адегенде “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясын башкаруудан баш тартып, революциялык комитет түзүп, аны кыймылга айландырган. Экс-прокурор Азимбек Бекназаров мурдагы өнөктөшү президент Курманбек Бакиевден көңүлү кайт болгонун коомчулукка алгачкылардан болуп жар салган, саясий айдыңда элдешкис оппозицияга чыккан ыңкылапчылардын бири. Ал өзүнүн мурдагы тилектешин март ыңкылабынын талаптарын аткарбай, мурдагы президент Аскар Акаевдин жолоюна түшүп кетти деп сындап жүрөт.
Бул жагынан Кыргызстандагы бир нече топтон турган оппозициялык күчтөрдүн азыркы бийликтин саясатына койгон дооматтары окшош. Башкача айтканда Бакиевдин саясаты үй-бүлөлүк, коррупциялык башкаруунун тузагында калды деген дооматты оппозиция койгон негизги доомат болуп калды. Элдик революциялык кыймыл ушундай системаны алмаштыруунун радикалдуу жолун тандап алган. Элдешкис оппозициянын башында азыр 2005-жылкы ыңкылаптын алдыңкы сабында жүргөн Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев, Анвар Артыков баштаган саясатчылар турушат.
Кыймыл алдыга президентти мөөнөтүнөн мурда кетирип, убактылуу өкмөт түзүп, мамлекеттик башкаруунун формасын референдум аркылуу аныктап, парламенттик шайлоо өткөрүп, акырында мамлекетти эл тандаган таза азаматка башкарууга берүү керек деген максатты коюуда. Лидерлердин айтымында кыймылдын максаты колдоого алынаарын Таластагы жыйын тастыктады. Буга шерденген кыймыл эми бардык облустарды түрө кыдырууга камдана баштады.
Элдешкис оппозицияга тилектештигин Бириккен оппозициядагы “Ата мекен” партиясы колдоп, атүгүл башка өнөктөштөрүнөн айырмаланып Таласка өзүнүн өкүлүн, “Ачык саясат” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбековду жиберди. Партия лидери Өмүрбек Текебаев президентти элге зыян келбегидей кылып, мыйзам чегинде кызматынан кетирсе болорун белгилеп, “...президентти кетирүү күн тартибинде турган маселе” деп билдирди кийинчерээк “Азаттыкка”.
Ал эми коомдук ишмер Шамшыбек Медетбеков “революциячылар” күпүлдөп жаткандай Таласта чоң колдоо болбогондугун, мунун башкы себеби элдин экинчи ирет ыңкылап жасаганга ниети жогунда деди:
- Саясатты түшүнгөндөр радикалдуу оппозицияны анча деле жактырбайт. Себеби анын артында эмне проблемалар турганын жакшы билишет. Көп проблемалар калкып чыгат. Түндүк-түштүк маселеси бар, башка улуттун өкүлдөрү сарсанаа болуп турушат.
Радикалдык кадамдарды жактабаган партиялардын бири СДП лидери Алмаз Атамбаев каржалып турган элге шылтоо табылса дагы бир тополоң болуп кетишин жокко чыгарбайт. Анын пикиринде “турмуш кыйындап кетсе эл чыдабай, сабыры түгөнүп кетиши да мүмкүн”.
Таластагы жыйынга катышкан “Ачык саясат” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбеков да элдин маанайынан нааразылык көрүнүп турат дейт:
- Мен карап отуруп ойлонуп атам, бүгүнкү күндө бийликке ыраазы болгон адамды табыш кыйын болуп калыптыр. Эгер бүгүн кетсин деп, кыймылды уюштурган адам болсо элдин чыга турган түрү бар.
Анткен менен бириккен оппозициядагы башка саясий күчтөр радикалдык кадамдарды жакташкан жери жок. Ага жараша саясий лидерлер Таласка барбай коюшту. Муну “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов бириккен оппозиция саясий күрөштүн маданияттуу жолун тандап алгандыгы менен түшүндүрдү.
Бул аралыкта Ички иштер министрлиги Аликбек Жекшенкуловдун уулу кылмыш катталган жерде болгондугу, кылмыш болгон жерде табылган курал менен журналист Алишер Саиповду өлтүргөн куралда окшоштук барын айтып чыкты.
- Ал (Беккул Жекшенкулов – авт.) ок атуучу курал колдонулган чатакка катышкан. Экспертиза ошол курал менен Алишер Саиповду өлтүргөн куралдын окшоштугу бар экенин аныктаган, - деди жума күнү өткөн маалымат жыйынында ИИМдин орун басары Дмитрий Феодоров.
Былтыр 15-февралда Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринде ок атууга чейин барган чатак боюнча буга чейин Беккул Жекшенкулов күбө катары суралып келген. Саясатчынын айтымында анын уулунун чатакка тиешеси жогу буга чейин эле аныкталган. Ошого карабастан бул маселенин кайра козголуп жатышын Жекшенкулов өзүнүн саясий ишмердүүлүгүнө тикелей тиешеси бар дейт:
- Бизге айтышты бул Бакиевдин үй-бүлөсүнөн түшкөн атайын буюртма болду деп. Жекшенкуловдун баласын камаш керек. Анткени атасы тынчыбай оппозицияда активдүү иштеп атат деп. Ушундай сөз болуптур. Ошонун негизинде булар иш козгогонго аракет кылып атышат.
Оппозициянын ичинде жана анын айланасында жүрүп жаткан апта ичиндеги акыркы окуяларга эмгек өргүүсүнөн жаңы чыккан президент Курманбек Бакиев да, анын катарындагы калган эл башылары дагы маани берип, үн катыша элек.
Мындан мурдараак президенттин пресс-катчысы Нурлан Шакиев Элдик революциялык кыймылдын президентти кетирүү талабы негизсиз деп билдирген:
- 2005-жылдан бери экономикалык, социалдык чөйрөдө бир топ алгылыктуу иштер жасалып атпайбы. Ошондуктан оппозициянын талабы туура эмес деп ойлойм. Эгер турмуш начарлап кеткен болсо анда бир жөн эле. Тескерисинче эмгек акылар өсүп атат, пособие, пенсия өлчөмдөрү өсүп атат, бюджет үч эсе өстү. Коррупция менен күрөшүү өзүнүн алгачкы жыйынтыктарын бере баштады. Ошондуктан андай талаптарга эч кандай негиз жок.
Ал эми президенттин партиясындагы саясатчылар, ага ыктагандар бириккен оппозицияга да, Азимбек Бекназаровдун кыймылына да бийликке жетүүнүн амалын издөө катары карашууда. Атүгүл “Ак жолдогу” депутаттардын айрымдары Бекназаровду популист-саясатчы дешип, анын артынан эл ээрчип кетерине ишеним артышкан жери жок. Алардын бири “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Жангороз Каниметов “менимче кетсин деген чакырыкка элдин баары эле кошула бербейт” деди.
Бийликтин оппозицияга маани бербей жатышына ириде жарандык лидерлер тынчсыздана башташты. Маселен, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын лидери Динара Ошуракунова 2005-жылдагы март окуясынын механизмдерин мыкты өздөштүргөн лидерлер экономикалык кризистен үрөйү учуп турган элди оңой эле аркасынан ээрчитип кетет дейт:
- Бийлик эмне болуп атканын түшүнбөй атат. Чынында өтө олуттуу жараян жүрүп атат. Эгер азыр бийлик ар кандай кризистик жагдайларды батыраак чечпесе бийликтин ишине нааразы болуп турган элди булар бат эле көтөрүп коюшат.
Элдик кенештин башчысы болуп жаңы шайланган Азимбек Бекназаров элдик революциялык кыймыл бат эле бийликти кулата калат деп айрым жарандар жаңылып жатат дейт. Анын пикиринде президентти кулатууга байланышкан аракеттер жылдап созулушу мүмкүн.
Саясат таануучу Валентин Богатыревдун баамында 2005-жылкы ыңкылапчылардан куралган элдешкис оппозициянын башкы максаты 2010-жылкы шайлоого чейин президент Курманбек Бакиевдин элдеги, анын ичинде түштүк аймагындагы колдоосун азайтуу болууда.
Талдоочулардын бир тобу президенттик шайлоо жакындаган сайын оппозиция күчтөнүп баратканын айтышууда. Аликбек Жекшенкуловдун баласына байланышкан маселенин кайрадан калкып чыгышын да психологиялык кысымдын бир көрүнүшү деп, алдыда мындай кармаштар арбын болорун кыйытып жатышат. Саясат таануучу Марат Казакбаевдин пикиринде, маселен, оппозиция бири-биринен айырмалуу болуп көрүнгөнү менен, жалпы максаттары бир. Ошондуктан, бийлик ички саясий кырдаалды оңдоонун элге залакасы тийбей турган конструктивдүү жолдорун табышы керек дейт.
Бул аралыкта бириккен оппозиция Бишкекте элдик курултай өткөрүп, анда азыркы бийлик системасын алмаштыруунун жолдорун аныктоого кызуу кам көрүүдө. Элдешкис оппозиция бул курултайга катышары арсар болгону менен келерки элдик жыйынды Кыргызстандын түштүгүндөгү үч облустун биринде өткөрүүнү мелжеп, ошого даярдык көрө баштады.
Элдик революциялык кыймылды колдогондордун катарында азыр “ЭрК” партиясынын лидери, мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, “Жоомарт” патриоттук кыймылынын лидери Нурлан Мотуев бар.