Айыл, суу чарба министрлигине пансионат кайтарылды

Бишкек шаардык соту 20-ноябрдагы жараянында мурда Айыл,суу чарба министрлигине таандык “Береке” пансионаты мыйзамсыз менчиктештирилген деген чечим чыгарып, аны министрликке кайра кайтарды. Аталган пансионат министрликтин жер жана агрардык реформа боюнча борборунун башкармалыгынын чечими менен 2000-жылы кооперативге айландырылып, кийин менчиктештирилген. Анын мүлкү арзан баада сатылып, 5 гектар жери министрдин ошол кездеги биринчи орун басары Э.Алиевге берилип, кийин аны сатып жиберген. Башкы прокуратуранын каршылыгы менен токтом жокко чыгарылганда кооперативдин кожоюндары министрликти сотко берген болчу. Мындай маалымат Башкы прокуратурадан алынды.(BD)