Австриялык кыргыз сүрөтчү

Асатилла Тешебаев - кесиби боюнча сүрөтчү. Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институту - ВГИКти бүткөн. Акыркы сегиз жылда Австриянын экинчи чоң шаары Грацта жашап, түрдүү көргөзмөлөргө үзбөй катышып турат.
Тешебаевдин "Эркин Европа/Азаттык" радиосунда уюшулган чакан чыгармачылык көргөзмөсүнөн пайдаланып, кабарчыбыз Амирбек Азам уулу сүрөткерди Батыштын жашоо өзгөчөлүктөрү, сүрөткердин адамдардын турмушуна байланыштуу суроо салган эле.

«Азаттык»: -Асатилла мырза! Сиздин Батыш Европада жашаганыңызга жыйырма жылга чукулдаптыр. Ал эми Кыргызстандан Москвага кеткениңизден бери чейрек кылым болуптур. Бөтөн жерде мусаапыр болуп жүргөн жылдардагы эң кыйын мезгил кайсы болду? Эсиңиздеби?

А. Тешебаев:- Эң кыйын мезгил мен үчүн кусалык жана жалгыздык болсо керек…

«Азаттык»: -Эмне үчүн?

А. Тешебаев: -Эмне үчүн дегенде бөтөн жерде өзүң менен чогуу чоңойгон досторуң же туугандарың жаныңда жок.

«Азаттык»: -Австриянын турмушун Кыргызстандагы азыркы жашоо менен нечен ирет салыштырып көрсөңүз керек. Австриялыктарда кандай Сизге жакпаган жактары бар?

А. Тешебаев:
-Астриялыктардын кызы болобу, же уулу болобу, айтор 18 жашка толгондон кийин ата-энесинен бөлөк жашаганга аракет кылышат. Акча болобу, башка нерсе болобу ата-бала бири-бирине карызга гана беришет. Австриялыктарда ушундай биримсиздик бар. Бул алардын жашоо шартынын жогору болгонуна байланыштуу келип чыккан салтпы деп ойлойм.

Ошентип, аларда мээримдүүлүк жок. «Апа ооруп жатасыңбы? Апа кыйналып жатасыңбы?» деген жок. Мисалы, кээ бир тааныш досторум же коллегаларым өз ата-энелерин кайсы бир чоң майрамда гана бир ирет куттуктап коюшат. Башкача айтканда, бир жылда эки же үч жолу телефон аркылуу сүйлөшпөсө, башка учурда ата-энелеринин абалына кызыгышпайт. Ата-энелер да ошондой. Өзүмчө экономикалык жыргалчылык адамдарды мээримсиз кылат экен деп тыянак кылам.

«Азаттык»:- Анткен менен, кыргыздар алардын жакшы жашоосуна суктанып, ошондой жашоого жетели дегени чындык эмеспи. Сиз Австриядагыдай байдөөлөт жашоону издеп жүргөн кыргыздарды көп кездештирдиңизби?

А. Тешебаев: -Канча миңдеген кыргыздар Чыгышта Камчатка, Владивостокто, бул жагы Санкт-Петербург менен Мурманск тарапта иштеп жүрүшөт. Элибизде жумуш болсо, жашоо шарты жакшы болсо, бөтөн жерде милициядан коркуп жашоонун эмне кереги бар? Кыргыздар азыр чачыранды болуп, Америкада, атүгүл Африкага чейин тарап кетти. Африкада иштеген кыргызды жакында эле учакта баратып жолуктурдум.

«Азаттык»: -Ошол тыш өлкөгө кетип жаткан жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз: Тилди үйрөнүүбү? Же кайсы бир кесипти өздөштүрүп алып чыккандары жакшыбы?

А. Тешебаев: -Бөтөн элек, бөлөк жерге барганда кимдир бирөө менен таанышуу, же бир нерсени сурап билүү үчүн, же кимдир бирөө менен достошуу үчүн, же барган мамлекетиңде чындап жашагың жана иштегиң келсе, ал элдин тилин үйрөнүүң зарыл. Тилди үйрөнгөндөн кийин жөндөмүңө жараша окусаң да болот.

«Азаттык»: -Асаттила мырза, жазуучуга караганда сүрөтгер үчүн тыш өлкөдө иштеп, жан багуу жеңил болсо керек? Себеби, сүрөттүн тилин немисчеге же шведчеге которуунун зарылдыгы жок да.

А. Тешебаев: -Ырас, сүрөтчүгө мен мындай тартамын деп түшүндүрүүнүн кереги жок. Себеби, сенин айтчу ойду, козгогон теманы тарткан сүрөтүң көрсөтүп турат, сүрөттөн эле берейин деген оюң ага кызыккан адамга көрүнүп турат. Ал үчүн тилди билүүнүн кереги жок. Ал эми жазуучунун чыгармасын которгондо анын каарманынын кайгы-капасыны, ойлорун мыктылап которуу, окурманга жеткире билүү зарыл. Автордун ою окурманга жеткенде гана китеп өтөт.

«Азаттык»: -Кардарлар сүрөттү сатып алганда анын мазмуунунабы, боегунабы же теманын оригиналдуу башка сүрөтчүлөргө окшобой чечилишине көп көңүл бурушабы?

А. Тешебаев: -Бул ар бир адамдын, сатып алуучунун ички сезимине байланыштуу. Мисалы, мен ар бир сүрөтүмдө кайсы бир ойду бергенге аракет кылам. Кардар сүрөттүн боегунабы, сүрөттө козголгон идеяга караппы, аны сатып алат.

«Азаттык»: -Батыш публикасы үчүн кыргыз темасы канчалык кызыктуу?

А. Тешебаев: -Чет элдиктер кайсы өлкөдөн болосуң деп сурашканда, Кыргызстанданмын десең билишпейт. Кээ бирөөлөрүнө Чыңгыз Айтматов деген жазуучу бар десең, «Оо, билебиз» деп калышат. Бир-эки сүрөтүмдү Айтматовдон Кыргызстан жөнүндө окугам, ошон үчүн сен тарткан тема мага тааныш болууда деп сатып алган учурлар болду.

«Азаттык»:
-Европалык сүрөтчүлөр кайсы темаларга көп көңүл бурушат? Алардын чыгармачылык табити, менталитети кандай?

А. Тешебаев: -Австрияны алсак, буларда негизинен абстракция үстөмдүк кылат. Көбүн эсе сүрөттүн эч мааниси жок, тек боектордун кыймылдарын көрөсүң. Буларда ой берүү деген, теманы коргоо деген жок. Тек гана боектордун оюнун көрөсүң. Жалпы агым ушундай.

«Азаттык»: -Кыргызстанда чыгармачыл адамдардын 50 жылдык, 60 жылдык мааракелерин өткөрүү, өкмөттүк сыйлык берүү каада-салтка айланган. Австрияда эл оозуна алынып калган сүрөтчү, жазуучунун юбилейи кандай өткөрүлөт?

А. Тешебаев: -Андай жөрөлгө жөнүндө Австрияда эч укпадым. Наам да, сыйлык деген да жок.

«Азаттык»:- Сүртөтчүлөргө өкмөт тарабынан жардам берилеби?

А. Тешебаев: -Жок. Андай жардам берилгенин эч укпадым. Мамлекеттин жардамы эле бул: 6-7 миң еврого чейин саткан сүрөтүңдөн салык төлөбөйсүң. 7 миң евродон ашкандан кийин салык төлөөң керек.

«Азаттык»: -Сүрөтчүлүк же жазуучулук кесиппи же негизги жумушунан бош убактында эрмектеп өткөрчү өнөрбү?

А. Тешебаев: -Сүрөтчүлүк – бул эрмек. Албетте, сүрөтчүлүк менен жан баккандар болсо керек. Мен 2003-жылдан бери Грац шаарынын сүрөтчүлөр союзуна мүчөмүн. Союздун мүчөлөрүнүн көбү пенсия жашындагы адамдар. Эки-үчөө гимназияда сабак беришет.

«Азаттык»: -Соңку суроом: Кыргызстанга кайтсам деген оюңуз барбы? Ата журтка качан барам деген оюңуз бар?

А. Тешебаев: -Эми, «Ат айланып казыгын табат» дегендей, пенсияга чыкканда Кыргызстанга барсам деп ойлоп жүрөм. Кудай буйруса мекенибизге барабыз.

«Азаттык»: -Ырахмат маегиңизге.