Бул тууралуу бүгүн Багдадда өткөн үч тараптуу сүйлөшүүнүн соңунан жарыяланды. Ирактын аймагын Түркияга кол салууда база катары пайдаланган күрд согушкерлерине каршы күрөштөгү кызматташтыкты чыңдоого багытталган сүйлөшүүлөргө Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики, Түркиянын ички иштер министри Бисир Аталай, АКШнын Ирактагы элчиси Раян Крокер катышты.
Түркия соңку кездери Күрд Жумушчу партиясы – ПККнын Ирактын түндүгүндөгү тоолордогу базаларына сокку уруну күчөттү. АКШ да, Ирак да ПККны террордук топ катары эсептейт. Бирок Түркиянын кеңири масштабдагы аскерий операциясы Ирактын түндүгүндөгү кырдаалды дестабилдештирүүсү мүмкүн деп кооптонот.