Той-аштарга кеткен чыгымдар көбөйүүдө

Кыргызстандыктар той-аштарды өткөрүүгө ушул жылы эле 40 млрд. сомдон ашык каражат жумшаган экен. Бул - ички дүң продуктунун үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

Асел аттуу бийкеч төрт ай мурда турмушка чыккан. Жолдошу экөө чакан үйлөнүү үлпөт той өткөрөбүз деп ойлошкон. Бирок ата-энелер “элге уят болуп калабыз” дешип, банктан насыя алып, эки жүз кишиге ресторанга той беришти. “Той да болот, тойдун эртеси да болот” демекчи, эми жаш жубайлар ал карыздан азыркыга чейин кутула албай жүрүшөт :

- Той өткөрүүгө банктан үч миң доллар насыя алганбыз. Мал, арак-шарап, ресторандын чыгымдары деп атып, баш аягы төрт миң доллар кетти окшойт. Тойдо түшкөн кошумчалар чыгымдарды жапкан жок. Кредитти жолдошум экөөбүз азыркыга чейин төлөп жатабыз. Азыр ойолосом аша чаппай эле, жупуну той өткөрүп койсок болмок экен.

Аселдин окуясы өлкөдөгү миңдеген адамдардын окуясына коендой окшош. Карызга болсо да акча таап, дүркүрөтүп аш-той өткөрүү кадыресе көрүнүшкө эчак айланган.

Кийинки биздин каарман Бурул эженин атасы бир жылдай мурда каза болгон. Карыяны жерге берүү тажыясына миңге чукул адам чогулуп, аларды тосууга бир топ эле каражат кетти дейт биздин маектеш:

- Төрт бодо мал союлду. Дасторконду камдоо үчүн миң доллар акча кетти. Куран окутканга бир жарым миң доллар чыгымдап, жылкы сатып алдык.

Кыргызстандыктар той-аштарды өткөрүүгө ушул жылы кырк млрд. сомдон ашык каражат жумшаган экен. Бул - ички дүң продуктунун үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Бишкек экономикалык институту жүргүзөн изилдөө мына ушундай жыйынтык берген. Буга чейин өлкөдө мындай изилдөөлөр жасалган эмес. Бирок серепчилердин айтымында, барган сайын той-аш өткөрүүгө эл көбүрөөк каражат жумшоодо.

Өзгөчө учурдагы экономикалык каатчылыкты эске алганда, мындай аша чапкан чыгымдар экономикага терс таасирин тийгизүүдө дейт экономист Шамсия Ибрагимова:

- Баалар убакыт өткөн сайын жогорулап жатпайбы. Кыргыздарда болсо той-аш өткөргөндө чакырылбаган тааныштар деле келе берет. Алардын баарынын курсагын тойгузуу үчүн бир торпоктун үстүнө дагы бирди кошуп союп, тамак-аш алып, карызга батып жатышат. Ал акчаны керектүү жакка инвестицияласа болот эле го. Аш-тойлорго обу жок чыгым кетирүүнү токтотууга өкмөт чараларды көрсө болот эле.

Мындан бир нече жыл мурда мамлекет ыгы жок чамынып, дүркүрөтүп той-топур өткөрүүгө, көз жумган адамды жерге бергенде көп мал союуга тыюу салган болчу. Бирок ал эрежени эч ким деле сактаган жок. Тескерисинче, той-аштарга кеткен чыгымдар барган сайын көбөйүп, жалпы сумма бир жылда кырк миллиард сомду түзөөрү белгилүү болуп отурат.

Дегени менен мындай көрүнүштүн оң жагы дагы бар дегендер четтен табылат. Алардын бири экономист Оруйпа Сулайманова:

- Биринчиден той-аштын көбү кафелерде өтөт. Демек, алардын иши жүрүшүп, кафе ээлери казынага салык төлөп жатышат. Экинчиден, базардагы соодагерлерге киреше түшүп атат. Той-топурга бараарда өзгөчө кыз-келиндер кийим-кече сатып алып, чачтарын жасалгалап жатпайбы. Башкача айтканда, кызмат көрсөтүү тармагы мындан бир топ пайда көрүп жатат. Ошентип, калктын акчасы сандыкта катылбастан, айланып жатпайбы. Ал эми акча деген дайым айланып турушу керек.

Бирок баарыбир той-топурга ыксыз чыгым кетирүүгө тыюу салуу керек дегендер бир топ. Алардын бири депутат Аскар Салымбеков өткөн жумада Жогорку Кеңештин отурумунда калкты сарамжалдуураак болууга чакырды. Анын айтымында, каржы кризиси каптап жатканда той-топурду азайтып, үнөмдүү болуу тууралуу элге кайрылуу жакын арада даяр болот.