Насвай колдонууга тыюу салынышы ыктымал

Саламаттыкты сактоо министрлигинин тамеки тартууга каршы күрөшүү боюнча улуттук координатору Чынара Бекбасарованын айтымында, азыр жаштар арасында да насвай колдонгондордун саны өсүүдө. Тамекиге караганда анын зыяны көп болгон менен бул мыйзамдаштырылбай, легалсыз товар катары эсептелинип келет. Ошондуктан кийинки жылдардан тарта Кыргызстанда насвай колдонуу мыйзамдаштырылып, атайын кутучуга салынып чыгышы мүмкүн. “Насвайды ачык сатууга жана жасалышына мыйзам уруксат берген эмес. Ошол эле учурда ага тыюу да салынган жок. Көп өлкөлөрдө бул маселе мыйзамдаштырылып, кадимкидей салык төлөнөт. Бизде ар бир бурчта бир күндүк насвай арзыбаган акчага сатылып жатат. Ушундан улам бул ден соолукка зыян деген эскертүүлөр менен атайын кутучага даярдалып чыгышы керек же колдонууга таптакыр тыюу салынат деген эки маселенин ортосунда турабыз. Азырынча чечиле элек”, - дейт Ч.Бекбасарова. Анын айтымында, насвай ашказан, ичеги-карын ооруларына тамекиден да чоң зыян алып келет. Бирок ушул тапта насвайдын курамында кандай заттар бар экени так аныктала элек. Анткени, Кыргызстанда андай лаборатория жок. Маалыматтарга караганда Кыргызстан боюнча Баткенде насвай колдонгондор көп. Коңшу мамлекеттерден Түркмөнстанда насвай колдонууга расмий тыюу салынган. (КЕ)