“Азаттыктын” Таластагы кабарчысы Улан Эсенгелдинин маалыматына караганда, Элдик жыйын ырчы Сагынбек Момбековдун саясий ыры менен башталды. Соңунан жыйынга келгендер кезек менен сөз алып сүйлөй башташты. Ал жерде негизинен энергетикага, кыргыз-казак чегарасындагы Каркыра жайлоосуна, алтын кендерине байланышкан маселелер козголууда. Жыйындын башында Элдик революциялык кыймылдын лидерлери Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев, Анвар Артыков, Эркин Бөлөкбаев, Роза Нурматова турушат. Жыйынга келгендердин саны 500 чамалаш деп эсептелүүдө. Алардын арасында аймактардан келгендер да бар. Жергиликтүү тартип коргоо кызматтары жыйынга байкоо жүргүзүп турушат. (BuS)