Ишенбай Кадырбековго 18 млн.сом ашык чыгымдаган деген айып тагылды

Мындай айыпты бүгүн Ленин райондук сотто Бишкек шаардык прокуратуранын бөлүм башчысы Игорь Шуганский жарыялады. Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековго козголгон кылмыш ишти кароого Ленин райондук соту бүгүн киришти. Соттун келерки отуруму 20-ноябрда болот. Мурдагы мамлекеттик жана саясий ишмерге Бишкек шаардык каржы полициясы алты эпизод боюнча кылмыш ишин козгоп, анын негизинде 25-апрелде камакка алган. Ишенбай Кадырбеков өзүнө каршы козголгон кылмыш ишти саясий себеп менен байланыштырууда. (BuS)