Ирактын түндүгүндө жанкечтинин бомбасынан 15 адам мерт болду

Ирактын Дияла аймагында полициянын көзөмөл бекетине жасаган жанкечтинин чабуулунан кеминде 20 адам жаракат алган, ал эми курман болгондордун арасында 7 полициячы бар. Ирактын башка аймактарынан аль-каидачыл согушкерлеринин көбүн сүрүп чыгышканы менен бул аймакта согушкерлер өтө активдүү бойдон калууда.