КУУнун айрым профессорлору ректордун кызматтан алынышына нааразы

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин бир катар профессорлору жана окутуучулары окуу жайдын ректору Ырысбек Өмүркановдун билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурованын 13-ноябрдагы буйругу менен кызматтан бошотулганына нааразы болушууда. Маалыматка караганда, 2006-жылдын 17-ноябрында Өмүрканов ректор болуп шайлангандан кийин университетти жогорку бийлик, көзөмөлдөөчү органдардан ар кандай текшерүүлөр болуп, кысым көрсөтүлүп келген. Окуу жайдын басма сөз кызматы Өмүркановду мөөнөтүнөн мурда министрдин буйругу менен ээлеген ордунан бошотулушун мыйзамсыз деп эсептейт. Ал эми билим берүү министрлигинен Ырысбек Өмүрканов окуу жайга кабыл алууда одоно мыйзам бузууларга жол бергендигине байланыштуу мыйзам негизинде кызматынан четтетилгенин билдиришти. (AJ)