НАТО Украина менен консультация өткөрүүдө

Бул үчүн НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери бүгүн эстон башкааласы Таллинге чогулду. Жыйын Украинанын болчокто НАТОго кошулуусуна жардам көргөзүүгө багытталган жана бул - эки тараптын ортосунда 2002-жылдан бери өтүп жаткан алтынчы кеңешме. АКШнын коргоо министри Роберт Гейтстин кечээ Таллинден билдиргенине караганда, Орусия мурдагы советтик республикалардын Батыш менен жакын алака түзүү мүдөөсүн өзүнө коркунуч катары кабыл албоосу керек. Гейтс ошондой эле АКШ Эстонияда виртуалдык чабуулдардан коргонууну иликтөөчү жаңы институтту демөөрчүлүккө аларын жарыялады. Эстониянын Интернет инфраструктурасына былтыр Орусия менен талаш-тартыштар учурунда сырттан чабуул жасалган. Москва буга тиешеси жоктугун билдирген болчу.