Жалал-Абат облбийлигине ондон ашуун аял нааразылык билдирип келишти

Үч баласын ээрчиткен он бир аял Көкарт кичи районундагы 80 үй-бүлө жашаган үйдө белгиленген убактан сырткары да электр жарыгы кайра-кайра өчкөндүгүнө нааразы болушту. Алар шаардагы тармактык уюм менен мурдагы мэр арызга көңүл бурбагандыктан губернатор менен жолугушууну жана электр түйүнүн бөлүштүруп, оңдоп берүүнү талап кылышты. Көп кабаттуу аталган үйдө жайында таза суу болгон эмес.Суу башкармасы убадасын аткарбаган. Балдары үшүгөнүнө карабай алар облбийлик алдында бир жарым сааттай турушту. Түштөн кийин аялдарды кабыл алган губернатордун орунбасары Айбек Акбаров электр түйүнүн оңдоого адистер жиберилгенин жана жарык кайра берилээрин, маселе тармак башчылары менен бирге талкууланаарын айтты.(YA)