Индонезияда үч исламчыл согушкер өлүм жазасына тартылды

2002-жылдагы террордук кол салууну уюштургандыгы үчүн соттолгон имам Самудра, Муклас жана Амрози Ява аралындагы түрмөдө атылып, сөөктөрү урук-туугандарына берилди. Ал-Каида менен байланышы бар деп шектелген радикалдык Жамма Исмаилия уюмунунун бул үч мүчөсү уюштурган мындан 6 жыл мурдагы чабуулда түнкү клуб жардырылып, 202 кишинин сөөгү сөпөт болгон эле.