“Апта”: Оппозиция, дүйнөлүк кризис, бюджет...

Кыргызстанда оппозициялык күчтөр тилектештик меморандумга кол коюшуп, АКШда Барак Обама президенттик шайлоодо жеңишке жетишти. “Жаңы Кыргызстан” партиясы өкмөттүн жаңы структурасын сунуштап чыкты.

Оппозиция оюн айтты

Өтүп бараткан жуманын башында негизги оппозициялык күчтөр тилектештик меморандумуна кол коюшту. Кол койгондор арасында саясий партиялардын лидерлери менен катар коомдук ишмерлер, мурунку депутаттар, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү болду. Меморандумда өлкөдө системдик кризис, үй-бүлөлүк башкаруу орун алып, бул өз кезегинде мамлекетти оор абалга алып келгени белгиленген. Кризистен чыгуу үчүн, үй-бүлөлүк башкарууга жол бербеш үчүн оппозиция бийлик системасын реформалоону сунуштады.

Оппозициянын талабынын негизи тууралуу меморандумга кол койгон социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев буларды билдирди:

-Жалаң эле оппозиция эмес, сол канаты болобу, оң канаты болобу, баарыбыз бир негиз менен, бир принцип менен биригип жатабыз-азыркыдай Кыргызстанды башкарса болбойт дегендей. Акаевдин мезгилиндеги башкаруу системасы ошол бойдон баратпайбы. Ошондуктан биз үй-бүлөлүк башкаруудан кетишибиз керек.

Оппозициянын меморадумуна жана биригүүсүнө карата бийлик тараптан реакция болгон жок. Мүмкүн бул президенттин учурда өлкөдө жок болуп жатышына байланыштуу болсо керек. Жалгыз гана Коопсуздук кенештин катчысы Адахан Мадумаров “бизде партиялык дебаттар күчөп жаткан маалда, экстремисттик топтор күчөөдө” деп, оппозициялык партиялар тарапта болуп жаткан жараяндарга кыйыр түрдө пикирин билдиргендей болду.

Деген менен негизги оппозициялык күчтөрдүн меморандумуна Азимбек Бекназаров башында турган Элдик революциялык

кыймыл кол койгон жок. Оппозициянын бул эң радикал бөлүгү президенттин кызматтан кетишин талап кылуу негизги ураан болуш керек деген позицияда турууда. Ал эми меморандумда андай талап коюлган жок.

Ал эми бийлик менен оппозициянын ортосунда туруп, мындан ары кайда барууну тандоо алдында турган “Жаңы Кыргызстан” партиясы да меморандумга кошулган жок.

Бул эки күч азыркы мезгилде өзүнүн багыты менен бара турууну чечүүдө. Маселен, революциячылар 18-ноябрга Таласта курултай өткөрүүнү чечсе, “Жаңы Кыргызстан” партиясы өкмөттүн структурасын да, курамын да жаңылап, коалициялык өкмөт куроону сунуштап чыкты.

“Жаңы Кыргызстандын” лидери Исмаил Исаков сунушталып жаткан жаңы структура тууралуу буларды айтты:

-Кандай структураны биз сунуштап жатабыз? Бүгүнкү күндө 19 министрлик бар, тактап айтканда 14 министрлик, 5 комитет бар. Аларга агенттиктерди жана башка структураларды кошсок, жалпысынан 100гө жакын структура болот. Биздин сунушта 12 министрлик, 14 агенттик, фонд жана кызматтар бар. Премьер-министр жана анын төрт орун басары болуш керек.

Долбоордо Адилет министрилиги менен Башкы прокуратураны бириктирүү, Мамлекеттик катчыга Тышкы иштер министрлигин тапшыруу, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматты жоюп, анын ордуна Тышкы чалгындоо кызматы жана Контрчалгындоо кызматын түзүү сыяктуу жаңылыктар каралган.

Мына ушундай сунуштарды камтыган ачык кат менен “Жаңы Кыргызстан” партиясы президент Курманбек Бакиевге кайрылды. Эми аны президент кабыл алабы? Маселе ушунда.

Айрым саясат таануучулар президент бул сунушту кабыл алат, анткени ага ыңгайлуу деп эсептейт. Маселен, саясат таануучу Марс Сариев ушундай пикирде:

-Менин оюмча “Жаңы Кыргызстан” ушундай билдирүү менен жөн чыккан жок. Жакында Коопсуздук кеңештин жыйыны болот. Ага президент К.Бакиев катышат. Ошондо бир топ министрлер кызматтан кетет болуш керек. Менин оюмча, Бакиев сунушту кабыл алат. Өкмөттө чоң өзгөрүүлөр болот. Президенттин да ою бар өкмөттүн курамын өзгөртүп, оптималдаштырууну көздөгөн. Кризис үчүн күнөөлүүлөрдү атап кетиш да Бакиев үчүн жакшы.

Бирок, ички, тышкы жана кадрдык саясатына каршы болгон саясатчынын сунуштарын кабыл алуу президентке мүмкүн эместей. Эгерде өтө эле кыйчалыш кырдаал түзүлүп калбаса.

Исмаил Исаковдун президент Курманбек Бакиевдин ички жана кадрдык саясатына келишпестигинин себептери айкын болсо да, бирок тышкы саясатта эмне себептен каршылыгы бар экени белгисиз эле. Ал каршылык эмнеде экенин Исаков бул жумада ачыктады.

Исаковдун пикиринде, Кыргызстан көп вектордуу тышкы саясаттын негизинде Россия, АКШ, Кытай менен мамиле кармаганы максатка ылайыктуу:

-Бир эле ал эмес. Сууну пайдаланууну тартипке салуу да тышкы саясат. Себеби дегенде биздин сууну коңшулаш мамлекеттер да колдонот. Мына ошондуктан биздин суу боюнча стратегиялык саясатытыбыз болуш керек. Ал элге да белгилүү болуш керек. Мына ошол багытта так иш жүргүбөгөндүктөн бүгүнкү күндөгү деңгээлге келип жатабыз. Эмне үчүн ошол эле Өзбекстан менен абдан жакшы катнашты уланткандын ордуна, кайтып өзүбүзгө анча-мынча нааразычылыктарды туудура баштадык. Себеби дегенде, туура эмес суу жана энергетика саясаттан. Бул дагы тышкы саясат. Андан башка да көп маселелер бар.

Ички саясаттагы мына ушул топтолуп келаткан маселелер президент Кыргызстанга келгенден кийин өз жообун алабы, же баары мурдагыдай калабы - аны мезгил аныктайт.

Бюджетти ким жейт....

Бул жумада парламент келерки жылдын бюджет долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Бул азыркы бийликтин тушунда бюджетти өз мөөнөтүндө кабыл алууга алып келе турган алгачкы жыл болушу мүмкүн. Анткени буга чейинки жылдары бюджет жаңы жылдын биринчи кварталында араң кабыл алынып келгени белгилүү.

2009-жылдын бюджет долбоорунун негизги параметрлери тууралуу каржы министри Тажикан Калимбетова буларды билдирди:

-Киреше бөлүгү 2009-жылга 44 миллиард сом, чыгашасы 47 миллиард сом болуп, таңсыктык 2 миллиард 816 миллион сомду түзүүдө. Эми 2010, 2011-жылдарда таңсыктыкты азайтып барып, андан кийин таңсыктыксыз бюджетти кабыл алышыбыз керек деп ойлойбуз.

Өкмөт сунуштаган бул бюджет оппозиция тарабынан кескин сынга алынды.Оппозициянын парламенттеги үнү боло турганын ачык билдирген социал-демократиялык фракциянын депутаттары бюджеттик каражаттын көп бөлүгү чиновниктик аппаратты багуу үчүн жумшалып жатканын сынга алышты.

Депутат Асылбек Жээнбеков бюджеттин өнүктүрүү багытында эмес экендигин белгиледи:

-Бүгүн бул бюджет менен дарыгерлердин, мугалимдердин айлыгын көтөрө албайбыз деп айтып жатабыз. Муну менен жаштар, мугалимдер, дарыгерлер айылдан дагы эле кете бериш керек деп жатабыз. Биз аларга жакшы жашоону камсыз кыла албайбыз деп жатабыз. Биз бүгүнкү күндө өнүгүү жөнүндө айтып жатабыз, артыкчылык берилген багыттар жөнүндө айтып жатабыз. Бул бюджет менен кайдагы артыкчылык берилген багыттар болушу мүмкүн? Бул жөн эле “жеп алуунун” бюджети. Биз үч жылдык өнүгүү бюджетин кабыл алабыз дедик эле. Муну менен кайдагы өнүгүү бюджети болсун?

Социал-демократтар жана коммунисттик фракциядан айтылган сындарга карабай келерки жылдын бюджети биринчи окууда кабыл алынды. Эми ал экинчи окууда каралууга тийиш.

Кризисти эскерткен Жапаров кимге жакпады?

Бюджет Жогорку Кеңешке кароого коюлардан мурун Экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров Кыргызстан келерки жылдын башында кризиске кабыларын билдирди. Өкмөт мүчөсүнүн мындай сөзү биринчи вице-премьер-министр Искендер Айдарлиевге жага берген жок. Ал мындай билдирүү менен чыккан Жапаров кызматтан кетиш керектигин ачыктады.

Акылбек Жапаров болсо финансылык кризистин Кыргызстанга тийгизээр капшабын Россия жана Казакстанда экономикалык кырдаалдын начарлашынан көрөт:

- Булар биздин негизги өнөктөштөр. Алардын экономикасындагы проблемалар күчөп кете турган болсо, бизге аябай эле кыйын болуп калат.

Россия жана Казакстандын экономикасындагы кризисттик кырдаал биринчи кезекте кыргыз эмгек мигранттарына сокку уруп, натыйжада жыл сайын Кыргызстанга келип жактан 1 миллиард доллардын тегерегиндеги акча которуулар кыскарып, экономикалык эле эмес, социалдык абалга да терс таасирин тийгизерин талдоочулар белгилеп жатат.

Кыргыз эмгек мигранттары Россияда мындан оор абалда да иштешкен. Бирок ал кездеги абал менен азыркы абалдын айырмасы болууда. Мурунку мезгилде кыргыз мигранттары негизинен соода тармагында иштесе, азыркы кезде курулуш, кызмат көрсөтүү багытында иштегендер арбын. Дүйнөлүк финансылык кризис, ипотекага насыя берүүлөрдүн кыскарышы жалпы дүйнөдө, анын ичинде Россияда курулуштун жүрүшүнө терс таасирин тийгизип, бул өз кезегинде биринчи кезекте эмгек мигранттарына сокку болушу ыктымал.

Өкмөт болсо дүйнөлүк финансылык кризис Кыргызстанга кайсы жагынан сокку урарын билбей турат. Бирок ага карата даярдык көрүш зарылдыгын каржы министри Тажикан Калимбетова эскертет:

-Турукташтыруу фондун түзүшүбүз керек. Себеби бүгүнкү күндө бүт мамлекеттерде андай фонду бар. Россия менен Казакстанда акыркы кризис болгон мезгилде өздөрүнүн турукташтыруу фондунан акча каражатын курулуш, банк структураларына насыя бөлүп, бюджеттен да каражат бөлүп жатышат. Биз да ошондой фонд түзүшүбүз керек.

Дүйнөлүк финансылык кризистин капшабына даяр болууга президент да өкмөттү үндөгөн эле. Бирок бюджетти таңсыктык менен кабыл алынган, олуттуу киреше булагы жок, негизги таяныч боло турган Кумтөрдү да арабөк калтырып турган өкмөт - турукташтыруу фондуна кайдан каражат табары белгисиз. Анын бир гана булагы - чыгашаларды кыскартуу жагынан болору айтылууда.

Ооматы арткан Барак Обама

Бул жумада дүйнөгө жакшы үмүт тартуулаган жаңылык АКШдан келди.

Ирак, Ооган согушуна баткан, дүйнөлүк финансылык кризистин очогуна айланган, “Абу-Грейб”, Гуантанамо абактарындагы терс көрүнүштөрдөн бейнесин бузуп алган Кошмо Штаттар, Барак Обаманын шайланышы менен оңолуу жолуна түшүп, дүйнөдө каршылашуулар азайат деген үмүт байланууда.

Кыргызстандык саясатчылар Кошмо Штаттар калкы кара түстүү Барак Обаманы президенттикке шайлоо менен революция жасады деп билдирүүдө.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев:

-Барак Обаманын президент болуп шайланашы бир нече учурлары менен маанилүү. Биринчи, ал карапайым үй-бүлөдөн чыккан. Мындай үй-бүлөдөн чыгып, ал улуу дүйнөлүк мамлекеттин президенттигине жетишти. Бул деген демократиялык режимдин артыкчылыгын көрсөтөт.Экинчиден, ал улуттук азчылыктын - 12% түзгөн афроамерикалыктардан чыккан. Бул деген сөз дүйнөдө расалык ажырым жокко кетип жаткандыгынын далили. Бул окуя бүткүл дүйнөдөгү расалык, улут аралык мамилелерге чоң таасирин тийгизет. Бул маселелер кандай чечилерин улуу держава үлгү көрсөтүп чечүүдө. Дүйнөдөгү адамдардын динге болгон, расалык мамилелерге болгон, бай-кедей деген карым-катнаштарга карата болгон чон революциялык өзгөрүү катары баалаймын.

Кыргызстан президент Курманбек Бакиев да Барак Обамага ишенимдүү жеңиши менен куттуктаган телеграмма жолдоду.

Тышкы иштер министри Эднан Карабаев Барак Обаманын келиши менен Кыргызстан менен АКШнын мамилеси мурдагыдай өнүгүү жолунда болот деген пикирде:

-Шайлоонун жыйынтыгы боюнча эмнени айтууга болот? Биринчиден, АКШда бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк деген ураан күчүндө экени далилденди.Экинчиден, преиздент АКШнын жараны болуш керек деген Конституциянын талабы аткарылды. Финансылык кризистин чыгуу боюнча программа расалык өзгөчөлүктөн маанилүү болуп чыкты. Кыргызстан менен АКШнын мамилесинде болсо эки тараптан тең кызматташууну өнүктүрүү боюнча аракеттер мурдагы бойдон сакталып калат деп ишенемин.

Барак Обаманын президент болуп шайланышы менен пайда болгон илгери үмүттөр канчалык аткарылат – аны мезгил аныктайт.

Бирок орус президенти Дмитрий Медведев НАТОнун Польша жана Чехияга ракетадан коргонуу системаларды орнотуусуна каршы, Калинград чөлкөмүнө тактикалык “Искандер” ракетасын орнотууга киришерин, Россиянын батышындагы стратегиялык ракеталарды кыскартуудан баш тартаарын жарыялашы - кооптонууларды жаратууда. Бул тенденция Батыш менен Россиянын Грузия согушунан кийин курчуган тирешүүсү чыңалуу багытында экенин көрсөтүп турат.

Кыргызстандын маанилүү өнөктөштөрү болгон эки ири мамлекет орток тил таба алабы?.. Бул маселе Кыргызстан үчүн да маанилүү.