Китепкана маселеси боюнча парламенттик угуу өтөт

Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитети келерки аптада Маданият жана маалымат министрлигинин “Китепканачылык иш” жөнүндө мыйзамы тууралуу ачык парламенттик угуу өткөрөт. Анда аталган мыйзамдын аткарылышы талкууга алынат. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, парламенттик угууга өкмөттүн өкүлдөрү, депутаттар, китепканачылар, ушул тармакка кызыккан бардык жарандар катыша алат. (КЕ)