Ал АКШ тарыхында президенттикке шайланган алгачкы афроамерикалык болуп калды. Соңку маалыматтарга ылайык, Барак Обама 349 добуш алды. Атаандашы республикачыл Жон Маккейн 162 добушка ээ болду. Жеңиш үчүн талапкерлер 270 добуш чогултууга тийиш эле. Чикагодо чогулган 100 миңдей колдоочусуна кайрылып, Обама “Америкага өзгөрүү келгенин” айтты. Маккейн утулганын моюнга алып, Обаманы куттуктады.
Президент Буш дагы Обамага телефон чалып, жеңиши менен куттуктады.
47 жаштагы Обама эмки жылдын 20-январында ант бергенден кийин АКШнын 44-президенти болуп калмакчы.