Ишенбай Адыразаков Жапониянын орденин алат

Коомдук ишмер Ишенбай Абдыразаков Жапониянын биринчи даражадагы "Күн чыгыш" ордени менен сыйланат. Аны жапон императору Акихито 5-ноябрда Токиодо тапшырат. Бул сыйлыкка Абдыразаков кыргыз-жапон байланышын чыңдоого кошкон салымы үчүн татыктуу болгон. Ал СССРдин учурунда Жапонияда элчилик кызматта иштеген. Биринчи даражадагы мындай орден менен буга чейин Нобель сыйлыгынын ээси Василий Леонтьев, белгилүү музыкант Мстислав Ростропович, дирижер Валерий Гергиев жана башкалар сыйланышкан. (AJ)