Бул тууралуу “Азаттыкка” “Борбор Азиядагы ишкер айымдар” ассоциациясынын координатору Александра Мельникова билдирди. Анын айтымында, жакын арада аталган уюм бизнес чөйрөсүндөгү аялдар менен саясатчы айымдардын жолугушуусун өткөрөт. Иш-чарада жалпы аялзатына тиешелүү социалдык, саясий, экономикалык проблемалар, аларды чечүүдө аталган эки тармактын өкүлдөрүнүн ортосунда байланыш түзүү маселеси каралат. А.Мельникованын айтымында, жолугушууга бир нече депутат айымдар чакырылат. Мындан тышкары иш-чарага социалдык өнүгүү министрлиги менен экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин өкүлдөрү да катышаары күтүлүүдө. "Борбор Азиядагы ишкер айымдар" ассоциациясы бир жыл мурда түзүлгөн. (AiJu)