Өлкөдө жакырчылык проблемасы изилденет

Бул тууралуу “Азаттыкка” билим берүү жайларынын башын бириктирген “EdNet” ассоциациясынан билдиришти. Кыргызстандагы жакырчылык денгээли, жалпы эле жакырчылык проблемасын CEEMAN эл аралык долбоору изилдейт. Аталган иш-чарага өлкөдөгү бейөкмөт уюмдары менен жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышат. Изилдөөнүн жыйынтыгы 4-декабрда өтчү эл аралык форумда жарыяланат. CEEMAN уюмуна дүйнөнүн кырк эки мамлекети мүчө.(AiJu)