Бишкекте Кыргызстан жана Европа депутаттарынын жыйыны уланат

Кыргызстан жана Европа Биримдигинин парламенттик кызматташуусу боюнча комитет биргелешкен алгачкы жыйынды 29-октябрда өткөрүп, анда Кыргызстанда демократияны өнүктүрүү, адам укуктарын сактоого байланыштуу саясий маселелерди талкуулаган. Бүгүн Европа парламентарийлери менен кыргыз депутаттары талкууну улантышат. Бул тууралуу Жогорку Кенештин маалымат кызматынан кабарлашты.