Мындай иштин жүрүшү тууралуу “Азаттыка” «Биз таза шаар үчүн» деген долбоор менен иштешип жаткан «Жылдыз Транзит» бейөкмөт уюмунун лидери Сталбек Момунбеков кабарлады. Ал жакында эле “Азаттыктан” Талас шаары таштандыларга толду деп Пушкин менен Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде жашаган тургундардын арыздарын уккандан кийин аталган көчөлөрдүн жашоочулары менен жолугушуп, таштандылар чыгарылып жатканын билдирди. Бул көчөдөгү таштандылар жарым жылдан бери чыгарылган эмес. Жергиликтүү бийлик мындай көрүнүштү айрым эларалык уюмдардын каржылоосуна карабастан каражаттын жоктугуна шылтап келген. (UA)