Чыңгыз Айтматов жана доор: кара сөздүн падышасы

Чыңгыз Айтматов Бишкектеги үйүндө. 1985-жыл

“Чыңгыз Айтматов жана доор” түрмөгүндө бул жолу улуу жазуучунун залкар шайырлар К.Орозов менен С.Каралаевге берген баалары тууралуу сөз болмокчу.
“Кыргыз десем, Чыңгыз келет эсиме,
Чыңгыз десем, кыргыз келет эсиме,
Кыргызым деп, Чыңгызым деп эргисем,
Кубангандан жаш кылгырат көзүмө”, - деп акын Байдылда Сарногоев жазган, дүйнөнүн түрдүү тилдериндеги, түркүн диндериндеги окурмандарды калеми менен башкарып, кара сөздүн падышасы атыккан Чыңгыз Айтматовдун арабыздан келбес, о дүйнөгө сапар алганына бешинчи айдын жүзү болду.


Мезгил закымдап канат каккан сайын Чыкем менен бирге баскан күндөр, ак дасторкондун кашында бирге отурган түндөр күнү бүгүнкүдөй көз алдыма тартылып, жан дүйнөмдү дүрбөтүп, кабыргамды кайыштырып, жүрөгүмдү сыздатат.

Залкар менен коштошуу. Бишкек,14-июнь,2008-жыл

Мен маркум Чыкем менен өткөн кылымдын 60-жылынан тартып, көзү өткөнгө чейин бир тууган ага-инидей сыйлашып, урматташып, ар кандай кечелерде, салтанаттарда жолугушуп, ал жайды, ахыбалды сурашып жүрдүк. Бир эле мезгилде Чыкем менен бир нече жыл ак дасторкондо бирге отуруп, чай ичип, бир табактан кыргыздын эң бир сыйлуу тамагы беш бармагын жеп, өткөн кеткенден, дүйнөлүк жана кыргыз адабиятынын, маданиятынын бүгүнкү абалы, эртеңки келечеги ж.б. маселелери боюнча ой да бөлүшүп жүрдүм. Менин Чыкем менен мынчалык жакын болушума бир тууган кайниси, айыл чарба илимдеринин кандидаты Темир Шамшыбаев данекер болгон эле. Ал Чыкемдин кыз алган жары Керээз эженин кара чечекей иниси, менин кыйышпас жан досум болчу. Маркум Темир жездеси менен эжесин мейманга чакырганда келинчегим экөөбүздү дайыма калтырбай чакыруучу.

Кесиби боюнча дарыгер Керээз эже узун бойлуу, кара торунун сулуусу, улууну урматтаган, кичүүнү сыйлаган акылы терең, пейли кенен өзүнчө эле бир аял затынан чыккан акыл кара чач эле. Керээз эжеде деги эле айымдарда өтө сейрек кезигүүчү өзгөчө касиеттер мол эле. Ал Чыкемдин ар бир мүнөтүн эсептеп, текке кетирбей туура, үнөмдүү пайдалануу үчүн үстүнө үйрүлүп түшүп туруучу. Бир мисал, маркум Темир эжеси менен жездесин мейманга чакырган күнү Керээз эже инисиникине бир-эки саат эрте келип: “Чыкем келет, Чыкем келет. Чыкемдин эки гана саат убактысы бар” – деп, дасторконду келини Дамира менен кошо жасашып, качан баары даяр болгондо: “Чыке баары даяр, келгин” – деп телефон чалуучу. Чыкем болсо угаар замат уулдары Санжар менен Аскарды ээрчитип жетип келчү. Мен муну менен “Аял жакшы, эр жакшы” деген кыргыздын накыл кеби бекеринен айтылбаптыр демекчимин. Себеби Керээз эже ак уулдардын энеси, сүйүктүү жар болуу менен бирге Чыкемдин шыгына-шык, колуна кол, бутуна бут болгон айкөл айым эле.

Чыңгыз Айтматов кызы Ширин менен, 1985-жыл.

Чыкем туубаса музыка жандуу болуучу. Кыргыздын байыркы жана өзү менен замандаш жашаган залкар комузчулардын ичинен Карамолдо Орозовдун табигый шыгын өтө жогору баалоочу. Кайрыктарга бай кара күүлөрүн радиодон укканда ичип жаткан ашын таштай коюп угар эле. Өзгөчө, Карамолдонун “Насыйкаты” менен “Ибаратын” ак эткенден так эте, тамшанып угуучу.

1984-жыл. 5-январь. Чолпон-Атада Карамолдо Орозовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу кечээ өттү. Кечинде өкмөттүк дачада эс алып, иштеп жаткан Чыңгыз Айтматов, эл жазуучусу Асанбек Стамов, профессор Кыдык Сулайманов баш болгон ж.б. инсандар менен чай ичип отурганыбызда комузчу Молдокеме арналган эскерүү кечээси кандай өткөнү жөнүндө сөз болду. Ошондо Чыкеме кайрылып: - Чыке, Молдокемдин өзүн көрүп, күүлөрүн далай жолу уктуңуз, угуп жүрөсүз. Сизден суранарым Молдокем жөнүндө бир-эки ооз өз оюңузду жазып берсеңиз десем: - “Макул. Эртең менен саат беште кел” – деди да коштошуп жатып жашаган үйүн көргөзүп койду. Эртең менен саат беште бардым. Барсам Чыкем “Кылым карыткан бир күн” аттуу кол жазмасынын үстүндө иштеп жатыптыр. Чыкем келдиңби, жаз деп, жанына отургузду да, эки барак актай кагаз берди да, Молдокем жөнүндө мындайча айта баштады. “Ар бир эл болгондон кийин ырдайт, күүсү болот. Бирок ошонун баары профессионалдык деңгээлге жетиш үчүн тарыхый, социалдык шарт болуш керек. Мына ушундай шартка туура келген элдик музыканын өкүлдөрүнүн бирден-бири Карамолдо Орозов. Балким, ой жүгүртүп кыялдансак, Карамолдо Орозов убагында музыкалык билим алып, консерваторияны бүтүрсө, балким бир дүйнөлүк аренага чыккан улуу композиторлордун бири болоор беле? Анткени, потенциалдык мүмкүнчүлүгү бакубат болучу. Бир туруп ойлойм, элдин музыкалык салтын боюна сиңирген табигый таланттуу Карамолдо Орозовдун ушу бойдон калганы жакшы болду го деп. Факты жагын алганда бу Карамолдо Орозов кайталангыс фигура. Эми, мындай кайталангыс адамдар чыга бербейт. Карамолдо Орозов шекилдүү тубаса генийлер өзүнчө бир, эки замандын кошулуп турган чегинде албырттап күйүп турган түбөлүк от сыяктанат. Мен муну менен эмнени айтмакмын. Биздин маданият канчалык өнүгүп, профессионалдык деңгээлге канчалык чыкпасын, Карамолдо Орозов сыяктуу элдик композитор – бул бир түгөңгүс улуттук маданият, эң оболу улуттук музыка үчүн, өзгөчөлүк үчүн түгөңгүс кенч, булак болуп бермек” – деген эле Чыкем. Кийин алп жазуучунун эскерүүсүн сары майдай сактап жүрүп, “Карамолдо замандаштарынын эскерүүлөрүндө” деген жыйнакка басып чыгардым.

Чыкем жанда жок жашык, өзгөчө боорукер эле. Балким жаш кезинен атадан айрылып калып, көрбөгөн кордуктарды көргөндүктөн, тартпаган азаптарды тарткандыктан артыкча жашык болуп калганбы деп ойлойм. Чыкемдин жашыктыгын 3-4 жолу өз көзүм менен көрүп күбө болдум. Биринчи жолу кыргыз адабиятчыларынын, журналисттеринин ичинен алгачкы жолу Чыкемдин өмүрү менен чыгармачылыгына арналган “Чыңгыз Айтматов” аттуу китепти жазган 32 жаш курагында каза тапкан белгилүү журналист, адабиятчы Бакен Ашымбаевдин табытын филармониянын залынан көтөрүп баратып көзүнөн бурчак-бурчак жашын агызып баратканын көрдүм.

Экинчи жолу Чыкем алп манасчы Саякбай Каралаевди акыркы сапарга узатып жаткан аза күтүүдө көрүстөнүнүн кашында коштошуу сөзүн мындайча мунканып, көзүнүн жашын төккөн эле:

- Урматтуу замандаштар, агаин-туугандар! Кыргыз журту бул күндө терең кайгыдабыз. Ала-Тоодой адамыбыздан – Саякбай Каралаевден ажырап отурабыз. Бул кишинин улуулугун биз азыр гана, түбөлүккө коштошуп жаткан күйүттүү учурда баалап айтып жаткан жерибиз жок. Сакендин көзү тирүүсүндө биз анын гениалдуу акын-жомокчу, байыркы замандан калган казынабыз деп, улуттук сыймыктын даражасында даңазалап, мактанар элек, урматтар элек, таңданар элек. Антсе да, тиричиликте биз бул кереметтүү адамдын баркына жеттик бекен, анын не деген алп өнөрүн салмактай билдик бекен деген алда кандай ойго кетет экенсиң. Аттиң дүйнө. Сакеңдин “Манасын” кайра баштан өз оозунан, өзү менен кошо бирде күлүп, бирде ыйлап, бир заматтын ортосунда сан түркүн окуя, сан түркүн тарыхка аралашып угуп олтурсак, канакей! Айкөл Сакең келбес сапарына кетип, жайнаган көзү жумулуп, өрт жүрөгү токтоду. 20-кылымда ошол адам биздин арабызда жүргөн Саякбай Каралаев эле. Аралаша жүргөндө биз ушуну билдикпи, сездикпи? О, армандуу дүнүйө, байыркы дүбүрттүн күлүгү, алыскы учуктун түйүнү Сакең жатпайбы, мына эми керилип. Кайран талант, кайран жан! Каткенде Сакемдин ордун толуктап, канткенде Сакеңдей аккан дайраны соолутпай агызып турар экенбиз? Сакең – кайталангыс жандардан, кайталангыс генийлдерден болуп жүрбөсүн! Өлбөс адам бар беле, бирок бул сыяктуу башына аза түшүп турган саатта ушуну катуу ойлойт экенсиң. Ошондо аркаңда жөлөк болгон элиңе кайрылып, дале болсо Сакеңдей уул төрөөлөр, чыгаар деп элиңден үмүт этет экенсиң. Саякбай Каралаевдин о,дүйнө кетиши – улуттук жоготуу. Улуттун башына эмне иш түшсө да – ал улуу иш, жамандыгы да, жакшылыгы да ар кимибизге тиешелүү. Андыктан ушуну билгендер үчүн Сакең менен кошо өз өмүрүнүн, өз жанынын бир бөлүгүн кошо жоготуп отурган сыяктуу сезишет. Улуттун дагы бир касиети – ал кажыбас кайраты. Сакеңди жерге койгон саатта биз өзүбүздү не деп жоотуп, не деп кайраттандырабыз? “Манас” – “Манас” болуп турганда Саякбай Каралаевдин аты өчпөйт, эмгеги унутулбайт. Бул, демек, түбөлүккө калуу деген кеп. Сакеңден мурда да манасчылар өткөн, бирок Сакеңдин бир артыкчылыгы, таалайы – ал Совет доорунда жашап, азыркы илимий информация каражаттарынын аркасында калган иши, сүйлөгөн сөзү, кебете-кешпири, кийинки муундар үчүн бүтүндөй сакталып калды. Кайрат кылалы. Ушуга тообо дейли. Ал эми мезгил жетти – Сакеңди жерге берүүгө мажбурбуз. Артыңыз кайрылуу болсун! Биз Сизди өткөндөрдүн эстелиги катарында эсибизге тутабыз, бала-чакабызга айтып, эсине салабыз.

Чыңгыз Айтматов, 1978-жыл

Алп жазуучу Чыкем менен акыркы жолу үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде тарых музейинде өткөн эл аралык китеп күнүнө арналган салтанат кечесинде жолугуштум. Жыйын бүткөндөн кийин Чыкем, Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу, маданият жана маалымат министри Султаен Раев менен ак дастрокондун үстүндө бирге болдум. Ошондо сөз алып экс-президент Аскар Акаевдин китепканасы деген имараты Чыкемдин музейи болсун деген сунушумду айтсам, Досбол Нур уулу ойлонушуп жатабыз деди. Бирок жетекчилер канчага чейин ойлонушат, ал сунуштан азыркы күнгө жыйынтык жок.