Малдын эттүүлүгү жана сүттүүлүгү төмөндөп кетти

Кыргызстандагы бодо мал тукумунун асылдуулугу соңку жылдарда бир кыйла төмөндөп кетти. Окумуштуулардын айтымында, акыркы жылдары малдын эттүүлүгү жана сүттүүлүгү дээрлик 70-80% азайды. Ушул тапта бир катар мал чарбалары бодо мал тукумун асылдандыруу иштерин жүргүзүшүүдө. Апталык “Адам жана базар” аттуу экономикалык программабыздын бул жолку чыгарылышында Чүйдүн Панфилов районундагы Арстанбек Дүйшеев атындагы асыл тукум мал заводундагы малдын асылдуулугун арттыруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндалмакчы.
Мал майдаланып кетти

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстан боюнча 11 асыл тукум мал заводу бар. Алардын ичинен үчөө асыл тукум жылкы заводу, калганы бодо малды асылдандыруу багытында иш алып барат. Чүй облусунун Панфилов районундагы Арстанбек Дүйшеев атындагы асыл тукум мал заводунда бир нече жылдан бери бодо малдын этти көп берүүчү түрүн көбөйтүү аракеттери айыл чарбасы боюнча илим изилдөө институтунун адистери менен бирге жүргүзүлүп келет. Учурда аталган чарбада бодо малдын эт багытындагы абердин-ангусс пародасын көбөйтүү иштери жүрүп жатат.

Айыл чарбасы боюнча илим изилдөө институтунун адиси, профессор Андаш Кыдырмаевдин айтуусунда, азыркы мезгилде бодо малдын эттүүлүгү кескин төмөндөп кетти:

-Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү ар бир облуста малдын эттүүлүгү 300 кг. дан ашпай жатат. Эгерде аргындаштыруу жолу менен малдын эттүүлүгүн арбытууга аракет кылсак, кеминде 15 пайыз ашык эт бермек.

Профессордун айтуусунда этти арбын берүүчү типтеги малды багууга ашыкча эч кандай каражат же шарттын кереги жок:

-Бул ар бир чарбанын колунан келе турган иш. Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарында эт багытындагы малды көбөйтүп, багууга мүмкүнчүлүк бар,

Арстанбек Дүйшеев атындагы асыл тукум мал заводунда эт багытындагы бодо малдын санын көбөйтүү, мындай типтеги малды жалпы өлкөгө жайылтуу максатында бир катар иштер жүрүп жатат. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин жана айыл чарбасы боюнча илим изилдөө институту бодо малдын асылдуулугун заманбап түр менен арттыруу иштерин да жүргүзүшөт.

Биздин маектеш, профессор Андаш Кыдырмаевдин айтуусунда, алды 1 тонна 220 кг, арты 770 кг чыгуучу абердин-ангус пародасындагы өгүздөрдүн түрүн жайылтуу иштери жүрүп жатат:

-Азыр Арстанбек Дүйшеев атындагы асыл тукум мал заводунда 6 бука бар. Алардан искусстволук жол менен алынган 3 000 миң доза урук алынып, тоңдурулган. Аларды Панфилов жана Жайыл районуна берип, эт багытындагы малды жайылтып атабыз. Каалоочулар өтө көп болуп жатат. Эми ушундай эле ишти Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарында да жүргүзүп, ал жактарга да филиал ачсак болот.

Жылына 6-7 миң литрден аз сүт берген уйларды союп салышат

Жогоруда айтылгандай, Кыргызстанда малдын башы стабилдүү көбөйгөнү менен алардын эттүүлүгү жана сүттүүлүгү төмөндөп кетти. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Арстанбек Ногоевдин “Азаттыктын” кабарчысына билдиргени боюнча азыр уйлар орточо эсеп менен жылына 2,5 миң тонна сүт берип калды. Бул төмөнкү көрсөткүч болуп эсептелет:

-1 млн 200 миң бодо малдын ичинен 640 миңи – саан уй. Алардын жылына берген сүтү –1,5 -2 миң литр. Биз 6 миң литрден төмөн сүт берген уйларды кармабашыбыз керек. Бул дүйнөлүк практика. 6-7 миң литрден аз сүт берген уйларды союп салышат. Биз болсо алардын баарын башын көбөйтүп, убакыт кетирип, жайыттарды талкалатып, коромжу болуп багып атабыз.

Арстанбек Ногоевдин айтуусунда малдын башын азайтуу менен анын эттүүлүгүн жана сүттүүлүгүн көтөрүүгө аракеттер жүрүп жатат. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Арстанбек Ногоевдин пикирин 1-вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев да колдоого алды:

-Малдын асылдуулугун көтөрбөсөк, анда малды бакпай эле коюу керек. Азыр бизде “саны бар, сапаты жок” болуп атат. Өнүккөн өлкөлөрдө малдын асылдуулугуна биринчи иретте көңүл бурулат. Бизде болсо баары менчикке чыгып кеткен. Айыл чарбасына мамлекет жардам бериш керек дешет, биз малдын асылдуулугун көтөрүү багытында малчылардын аң-сезимин көтөрбөсөк, анда мамлекет берген жардамдын пайдасы бир тыйын болуп калат.

Арстанбек Дүйшеев атындагы асыл тукум мал заводу эт комбинаты, дагы бир жагында кантты кайра иштетүүчү завод менен катар жайгашкан. Аталган асыл тукум мал заводу орун алган Панфилов районунун акими Самарбек Күчүковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча союз кыйраганда кошо кыйраган комбинатты ордуна коюу оор болууда, ал эми кант заводу эки жылдан бери иштебей турат:

-Союз мезгилинде комплекстүү өнүгүү деген стратегия менен иштечүбүз. Биздин асыл тукум мал заводунун бир жагында эт комбинаты, бир жагында кантты кайра иштетүүчү завод турган. Муну менен малды чыктуу тоют менен багуу камсыздалып турган. Өкүнүчтүүсү – ушунун баарын талкалап алып, биз азыр кайра калыбына келтире албай атабыз. Азыр күчтүн баарын ошого сарптап жатабыз.

Аким Самарбек Күчүков райондо 67 миң гектарга жакын жайыт бардыгын айтып, мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү бардыгын кошумчалады.