Орусиянын президенти Беларус лидери менен жолугушту

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев кечээ (25-октябрда) Беларус президенти Александр Лукашенка менен жолугушту. Медведевдин басма сөз өкүлүнүн маалымдашынча, эки президент дүйнөлүк каржы кризиси жана өз ара каржылык мамилелер тууралуу сүйлөштү. Мындан бир нече күн мурда Орусия Беларуска 2 миллиард доллардык насыя убада кылган. Анын аралыгында расмий Минск Евробиримдиктин Беларус аткаминерлерине карата саякаттык чектөөлөрдү алты айлык мөөнөткө алып сала туруу чечимин кубаттады. Жакында Евробиримдик Беларус президенти Александр Лукашенкага (Alyaksandr Lukashenka) жана өкмөттүн бир нече ири аткаминерине алты айлык мөөнөт менен Европа өлкөлөрүнө каттап турууга уруксат берди. Август айында расмий Минск бир катар оппозиция өкүлдөрүн жана диссиденттерди саясий камактан чыгарган.