Кыргызстанда жарыктын өчүшү ооруканалардагы абалды ого бетер оордотуп жатат. Жарыктын өчүшүнөн кардиология жана терапия улуттук борборундагы 25 миллион сомдук ангиографиялык жабдык эки күн иштебей, дарыгерлерге да, оорулууларга да оңтойсуз абал түзүлдү.
16-октябрда кайра-кайра жарыктын өчүшүнөн кардиология жна терапия Улуттук борборунун рентгенхирургия бөлүмүндө 25 млн сомдук ангиографиялык аппарат иштен чыккан. Тез арада чакырылган “Филлипс” компаниясынын текшерүүсүндө жабдык жарыктын улам өчүп, улам жанып атышынан бузулган. Компания ошондой эле жарык дагы бир жолу ушинтип өчө турган болсо, жүрөк-кан тамыр дарттарын аныктай турган 25 млн сомдук ангиографиялык жабдыктын иштеши кыйла үзгүлтүккө учурарын эскерткен жана андыктан 2 млн сом баасындагы 120 квт кубаттуулуктагы ИБП жабдыгын орнотууну сунуштаган.
Ал эми Улуттук кардиологиялык борборго жанаша турган жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу боюнча улуттук борбору кечээ жакында түрк дарыгерлери гуманитардык жардам катары алып келип орнотуп беришкен ангиаграфиялык аппаратты жарыктын өчө бергенинен улам иштетпей отурат.
Аталган борбордун директору Калдарбек Абдрамановдун айтымында жарыктын өчүшү – оорулууларды, алардын жакындарын, дарыгерлерди да психикалык оор абалга алып келип жатат:
-Операциядан кийин жасалма дем алдырууда жаткан оорулуулар жатышат бизде. Жарык күндүзү өччү болсо, дарыгерлердин көпчүлүгү ооруканада болушкандыктан, эптеп кол менен дем алдырабыз. Ал эми кечинде өчүп калса кандай болот? Кечинде да өчүп калып жатат. Реанимацияда жаткандар бар. Анан калса биздин оорулуулар – эң оор абалдагы оорулуулар.
Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу Улуттук борборунда иштетилбей турган ангиографиялык жабдыкты да иштетүү үчүн 2 млн сомдук стабилизатор же кубаттуулукту жөндөп туруучу аппаратты коюу зарыл:
-Бизге түрк дарыгерлери 17 млн сомдук ангиографиялык аппаратты кечээ жакында өздөрү мында алып келип орнотуп беришкен. Жарыктын өчүп жатканынан ошол көптөн бери күткөн жападан-жалгыз жабдыкты ишке киргизалбай отурабыз чоочуп. Араң алган аппараттын иштеп-иштебей жатып бузулуп калышын каалабайбыз албетте. Ал эми 2 млн сомдук кубаттуулукту жөндөп туруучу аппаратты ала коюуга албетте чама-чаркыбыз жок.