11:05 Адам укугун коргоого арналган даректүү тасмалардын фестивалы өтүп жатат

“Бир дүйнө” деген аталыштагы иш-чара кечээ Г.Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде башталган. Фестивалга өлкөдөгү укук коргоочулар, бир катар депутаттар, чет элдик коноктор катышты. Фестивал чех кинорежиссеру Яна Поктованын “Сүйүү” тасмасы менен ачылды. Ушул сааттарда иш-чаранын алкагында “Адам укуктарын коргоо жана бул маселени чагылдыруу” темасында талкуу өтүүдө. Мындан соң өзбек, немис, тажик киночуларынын тасмалары көрсөтүлөт. Фестивалды уюштуруучулардын катарында Эркин Европа жана Азаттык үналгысы дагы бар.(AiJu)