9:50 Электр энергиясы өчүрүүдөн Кардиология борборунда 25 миллион сомдун аппарат күйүп кетти

Бул тууралуу депутат Бейшенбек Абдырасаков маалымдап, анын айынан жүрөккө операция жасоо токтоп калганын, оорулар кайтыш болуп кетип жатканын кошумчалады. Депутаттын айтымында, “Түндүкэлектро” оорукана тарткан чыгымды калыбына келтирип берүүгө тийиш. Жаңы конуштарда электр энергиясын өчүрүүлөрдөн балдар мектептен ысык тамак жей албай калууда. Кечкисин болсо караңгы кирип кеткенден сабактарын толук окуй албай калууда.(AiT)