Ирактагы 18 провинциянын ичинен ушуну менен он экинчиси АКШнын карамагынан Ирак коопсуздук күчтөрүнө өткөрүлүп жатат. Мындай кадам көп убакыттан бери чечилбей, бирок, кызуу талкууланып келген АКШ-Ирак коопсуздук макамынын натыйжасы экени айтылууда. Буга чейин АКШ, эгерде Ирак америкалык аскерлердин бул өлкөдө калуу келишимин колдобосо, анда анын кесепеттери өкүнүчтүү болот деп эскерткен эле.