Индия Айга алгачкы изилдөөчү миссиясын жөнөттү

Индия бүгүн өз тарыхында алгачкы ирээт Айга пилотсуз космос кемесин учурду. Индиянын Космосту изилдөө агенттиги тарабынан курулган “Чандраян 1” космос кемеси өлкөнүн түштүгүндөгү “Шрихарикота” космодромунан учурулду. “Чандраян 1” Айдагы пайдалуу минералдарды жана түрдүү элементтерди изилдеп чыкмакчы. Айга миссия Индияны жогорку технологиясы өнүккөн, Кытай жана Жапония менен атаандаша ала турган өлкө болгонунан кабар берүүдө.
Эгерде Айга жиберилген кеме өз миссиясын ийгиликтүү аткара алса, анда Индия “жетилген улуттар клубуна” мүчөлүккө өтмөкчү. Буга чейин АКШ, Орусия, Жапония, Кытай жана Европанын Космос агенттиги гана Айга өз миссиясын жөнөткөн.

Жапонияга эки күндүк иш сапары менен барган Индиянын премьер-министри Манмохан Синх Токиода сүйлөгөн сөзүндө, “бардык улуттар ушундай эрдикти жасаган өлкөнүн илимий жамаатын куттуктоодо” деп билдирди.

- Мен бул миссияга салым кошкон бардык окумуштууларды алгачкы ийгиликтүү кадамы менен куттуктайм. Бул миссия Индияны Айга космостук миссиясын жөнөткөн алты өлкөдөн турган топтун катарына кошот. Биздин илимий жамаатыбыз дагы бир жолу өлкөгө аброй алып келди жана бардык улуттар аларды куттуктап жатат.

Ал эми Космос агенттигинин жетекчиси Мадвахан Наир толкундана буларды айтты:

- Бул – Индия үчүн тарыхый учур. Биз Айга сапарыбызды баштадык жана алгачкы кадамыбыз ийгиликтүү болду. Бул – эң мыкты иш болду.

“Чандраян 1” кемеси Ай орбитасында эки жыл болуп, Айдын минералдык, химиялык жана топографиялык өзгөчөлүктөрүн изилдейт. Илимий жамаатты Жер планетасында сейрек кездешкен, бирок Айда эң көп деп эсептелген “Гелий 3” кызыктырууда. “Гелий 3” өзөктүк кубатты өндүрүүдө маанилүү элементтердин бири.

Илимий кызыкчылыктан тышкары Айдагы миссия дагы бир максатты көздөйт: Индиянын экономикасы жана технологиясы өнүгүп жаткан өлкөлөр арасындагы аброюн арттырмакчы. Индиянын Азия континентиндеги башкы атаандашы Кытай өткөн жылы Айга орбиталдык аппаратты жөнөтүп, космос өнөр-жайын өнүктүрүүдө. Мындан сырткары Кытай бир ай мурда үч астронавтын ачык космоско чыгарды.

Нью-Дели Бээжиндин космос программасын кууп жетип, ал гана эмес бул жарышта алдыга озуп чыгуу максатын көздөйт.

Албетте Индиянын космос ийгиликтерине сын көз караш менен карагандар дагы жок эмес. Алардын бири – тынчтык үчүн кыймылдын мүчөсү Прафул Бидвай. Анын айтымында, Индияда он миллиондогон адам жакырчылыкта, таза суусуз, жетишерлик тамак-ашы жок күн көрүп жаткан учурда, өкмөттүн миллиарддаган долларды космос тармагына жумшап жатышы туура эмес.