17:23 Жалал-Абат облусунда зордук-зомбулуктарды азайтуунун ыкмалары талкууланды

Талкуу жарандарды колдоо борборунун республикалык бирикмесинин «Адам укугу үчүн өнөктөштүк» деген долбоорунун алкагында өттү. Ага катышкандар үйдөгү зомбулуктун келип чыгышына жакырчылык, каражаттардын тартыштыгы, кызганыч, бири-бирин түшүнбөөчүлүк, ичкилик менен баңгилик себеп болоорун кеп кылышты. Үй-бүлөдөгү жаңжал уруп-согуу, кордоо жана мыкаачылык менен коштолгон окуялар аз эмес. Үйдөгү зомбулуктар тууралуу мыйзамдолбоорунда карама-каршы жагдайлар арбын. Мыйзам долбоорунда жазылгандай зомбулук кылганы үчүн жазалоо туура эмес. Ынтымактуу жашоого ыңгай түзүп, жаштарды тарбиялоо, маалымат каражаттарында, айрыкча кыргыз сыналгысында тарбия жаатындагы көрсөтүүлөрдү күчөтүү сунуштары айтылды. (YA)