ДЭНИЕЛ ФРИД: КАРАБАХ ЖАҢЖАЛЫ БЫЙЫЛ ЧЕЧИЛИП КАЛЫШЫ МҮМКҮН

АКШ мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия маселелери боюнча жардамчысы Дэниел Фрид Азербайжан менен Армениянын Карабахка байланыштуу чатактуу талашы алдыдагы эки айдын ичинде чечилип калышы ыктымал деп эсептейт. Бул тууралуу ал жакында Еревандагы сапары маалында “Азаттыктын” кабарчысына билдирди.
Дэниел Фрид Ереванда армян президенти Серж Саргсян, премьер-министр Тигран Саргсян, оппозиция лидерлери менен жолукту. Талкууланган көп маселелер арасынан Тоолуу Карабах чатагына токтолуп, Фрид бул проблеманын тынч усулу ушул жылдын этегине чейин табылып калышы ыктымал деп билдирди. “Бул мүмкүн,- деп айтты ал “Азаттыктын” кабарчысына, - бирок мүмкүн деген сөзсүз деген кеп эмес. Бу жерде эки тарап тең бекем кадамдар жасоо керек. Эгер бу жаңжал жеңил чечилер иш болгондо ал эбак эле чечилип бүтмөк”.

Азербайжанга караган Тоолуу Карабах анклабын армян күчтөрү 1990-жылдардын башында басып алган. Куралдуу кагылыштарда 25 миңдей киши кырылып, миллионго чукул адам үй-жайын таштап качканга аргасыз болгон. Эки өлкөнүн президенттери 2001-жылы АКШнын арачылыгы менен Флоридада жолугуп, келишим түзгөнгө убадалашкан, бирок арадан бир апта өтпөй айнып кетишкен. АКШ, Франция жана Россия жаңжалды жөнгө салууга жардамдашканы Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунда Минск тобун түзүшкөн, бир катар жолугушууларды уюштурушкан. Азырынча андан нап чыга элек.

Фрид августта Россия менен Грузия ортосунда тутанган кайсоорун урушка карабастан Карабахта куралдуу кагылыштын мүмкүндүгү азайганын ырастады. “Менимче, дамамат дүмөктөнтүп турган бу коркунучтун мизи кыйла кайта түштү, анткени Грузиядагы согуш аймактагылардын баарына уруштун кандай кесепети болорун эскерткендей болду. Октун, оттун тилинде сүйлөшкүсү келгендер такай табылат, бирок согуш – оюн эмес, согуш - кесирлүү жол”, - деди Фрид.

Карабах проблемасы Фриддин армян оппозициясындагы лидерлер менен өткөргөн жолугушуусунда да башкы темалардын бири болду. Быйыл марттагы президенттик шайлоодон кийин Еревандагы массалык тополоң маалында он чакты адам набыт болуп, 200дөй киши жабыркаган эле. Оппозициянын жоон топ өкүлдөрү кармалып, түрмөгө салынган.

Фрид армян жетекчилерин ошол окуянын саясий салакаларын ыкчам жоюуга чакырды. Көп кишилер канчалык узакка кармалган сайын, саясий жагдай да оорлой берерин эске салып, америкалык дипломат маселени колдон келишинче адилет жана эртелеп чечүү керектигин белгиледи.

Фрид Армениянын саясий системасын демократиялаштыруу иши “жай жүрөт,б ирок ал өсмө процесс” болот деп эсептейт. Буга кошо ал Ереван менен Анкаранын ортосу жылымтыктай баштаганын да жакшы жышаан катары баалады.