А. ПАЯЗОВ: НУРАЛЫКТАР МОБИЛДҮҮ ҮЙЛӨР МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУШАТ

Маектешкен Аманбек Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат каражаттары жана коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Абдысамат Паязов “Азаттыктын” таңкы түз ободогу маегинде зилзаладан жапа чеккен Алайдын Нура айылындагы соңку абал, айыл тургундарына көрсөтүлүп жаткан жардамдар туурасында кеп салды.
- Кечээги нөшөрлөп жааган жаандан жалпы эл аман-эсенби?

-
Аман-эсен, эртең менен эле байланыштык Нура менен. Ал жерде биздин өзгөчө кырдаалдар министрлигинин штабы жайгашкан. Ал штабдагы жооптуу адамдар менен байланышканыбызда баардыгы жакшы экенин айтышты. Президентибиз тарабынан коюлган Нура айылынын жашоочуларын мобилдик үйлөр менен камсыз кылуу - азыр негизги маселе болуп жатат. Бул боюнча да кечээ күнү эле министрибиз өзү мобилдик үйлөрдүн жасалышы боюнча атайын көзөмөл жүргүзүп, Оштогу жана Бишкектеги материалдык камсыздоо борборунда болду. Учурда ушул үйлөрдү тездетүү маселеси көзөмөлдө.

- Аны куруу иштери башталдыбы?

-
Мобилдик үйлөрдүн азыр 12 даанасы Нура айылына жеткирилип, адамдарды үйлөргө киргизүү башталат. Бишкек шаарында бир бөлмөлүү мобилдүү үйлөрдөн 90 даана даярдалат, Ош шаарында 3 бөлмөлүү мобилдик үйлөрдөн 50 даана, бардыгы 140 даана болот. Бул үчүн 1-ноябрга чейин график түзүлүп, жасалып бүткөн үйлөр 10-15-ноябрга чейин бардыгы Нурага жайгаштырылат.

- Өткөндө Ош облусунун губернатору Аалы Карашев зилзаладан жабыр тарткан Нура айылынын карыялары, аялдар жана жаш балдар жылуу жайларга көчүрүлөт деди эле. Алар көчүрүлдүбү?

-
Негизги маселе ушул болуп жатат, жылуу жайларга көчүрүү.

- Жеринде элеби, же бөлөк айылдарга которобу?

-
Жеринде эле. Эми мобилдик үйлөр аябай керек болуп атат. Жашаган элдер да айтып атат, аябай жылуу, ыңгайлуу экен деп.

- Зилазаладан жабыркап, ооруканада дарыланып жаткандардын абалы кандай, канчасы айылына жеткирилди?

Азыр Ош шаарында дарыланып жаткан Нура айлынынын жашоочуларынын акыбалы жакшы. Негизинен бардык дары-дармектер акысыз берилип жатат. Ошондой эле медицина кызматкерлери тарабынан аябай көңүл бурулуп каралып жатат.

- Зилзаладан жапа чеккен элди азык-түлүк, отун-суу менен камсыздоодо тартыштыктар жокпу, кандай жардамдар керек экен?

-
Эртең менен штаб менен байланышканыбызда, бул жерде отун-суу, тамак-аш боюнча эч кандай маселе жок экен, бардык тамак-аштыр запасы менен жеткирилип берилген, ошондой эле көмүр түшүрүлгөн. Ал эми азыркы учурда убактылуу чатырларда жашап жаткандарга көмүр түшүрүлүп берилген, ошол жерде “буржуйка” деген мештер коюлган ар бирине, ошону жагып жашап атышат.

- Абдысамат мырза, ал эми жалпы Кыргызстан боюнча абал тынч элеби?

-
Жалпы Кыргызстан боюнча акыбал жакшы. Биз сеймология институту менен байланышып турабыз, андагы кызматкерлер жер титирөө коркунучу дагы күн өткөң сайын басаңдап, мындайча айтканда, жер титирөө азайып, билинер-билинбес жер титирөөлөр дагы токтоп жатат деген жакшы кабарларды берип жатышат. Кудай буюрса бардыгы тынч.

- Рахмат маегиңизге.