17:50 К.Бакиев: Олуттуу нааразычылыктар сот системасынын иши менен байланыштуу

Бул тууралуу президент К.Бакеив кечээ парламентке жана элге жасаган кайрылуусунда билдирди. Президенттин айтымында, бүгүнкү күндө карапайым жарандар, бизнес жана мамлекеттик институттар үчүн адилеттүүлүктүн толук баалуу кепилдиктери жок. “Бийликтин сот бутагы элдеги ишениминен жана кадыр-баркынан кол жууп жатат”, дейт К.Бакиев. Мамлекет башчынын белгилешинче, кабыл алынган чечимдер үчүн соттордун кесиптик жоопкерчилигин күчөтүү керек. (MSu)