7:45 “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Нура айлына 20 контейнер берүүгө милдеттендирилди

Ал эми контейнерлерди эл жашоочу турак-жайга ылайыкташтыруу иши чукул кырдаалдар министрлигине тапшырылды. Мындай жардыкка премьер-министр Игорь Чудинов кечээ кол койгондугун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Кечээ 40 тонналык 10 контейнер жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам катары “Дордой” ишканасы тарабынан жеткирилген эле.(ZKo)