ИРАК: ХРИСТИАНДАРГА КОЛ САЛУУНУН АРТЫНДА КИМ ТУРАТ?

Ирак өкмөтү христиандарга карата зомбулукту токтотуу үчүн өлкөнүн түндүгүнө аткаминерлерди жөнөтүүнү чечти. Мындай чечим Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында бир катар христиандарга кол салуудан жана зордук-зомбулуктан миңден ашуун үй-бүлөнүн башка жакка көчө башташынан улам кабыл алынды.
Ал-Хамданияхтын чакан үйү турак-жайларын таштай качкан ондогон үй-бүлөгө толгон. Булар – Ирактын ордо шаары Багдаддан 400 чакырым алыстыкта жайгашкан Мосулдагы ирактык христиандар.

Миграция министрлигинин Мосулдагы жогорку даражалуу өкүлү Жавдат Исмаилдин (Jawdat Ismail) айтымында, жалпысынан 1 307 үй-бүлө Мосулдагы там-жайын таштап качууга мажбур болгон.

Ал-Хамданияхтын үйүнөн баш калканч тапкан аялдардын бири башка ирактык христиандарга кол салынып, алардын үйлөрү бомбаланып жатканына күбө болгондон кийин Мосулдан качууну туура көргөнүн айтат:

- Бул үйдө Мосулдан качкан 7-8 үй-бүлө бар. Биз бул жерге ас-Седик районунда ата-бала өлтүрүлгөндөн кийин качып келдик. Биз эмне кылдык? Өкмөттүн бул зомбулуктарга карата туруму кандай болот? Бул айда христиандар өлтүрүлүп, алардын үйлөрү бомбаланды. Ал үй-бүлөлөр эмне кылды? Алар эми баш калкалар үйү, ичер тамак-ашы, кийим-кечеси жана акчасы жок калышты. Биз эмне кылдык? Эми кайда барабыз? Биз өзүбүздүн үй-жайыбызга кайтып баргыбыз келет.

Ушул эле үйдө баш калкалаган башка бир ирактык христиан Мосулдагы коопсуздук маселеси ушунчалык начарлап кетерин элестете албаганын айтат. Себеби бул шаар жүздөгөн жылдардан бери ар кандай этникалык жана диний маданияттарга конуш жай болуп, Мосулда миңдеген күрддөр, ирактык түркмөндөр жана ассириялыктар ынтымакта жашап келген:

- Биз Мосулдан чыгып кеткенден кийин бул окуяларга абдан таң калдык. Биздин мусулман ынтымакташтарыбыз телефон чалып, “кала бергиле” деп айтышты. Алар биздин коопсуздугубузга эч нерсе коркунуч турдурбай турганын айтышты. Бирок бирөө өлтүрүлдү. Башкасы качууга мажбур болду. Биз дагы мындай айың-кептерди угуп, качууга аргасыз болдук. Бул жерде кишилерди көрдүңөрбү? Ар бир үй-бүлө ашкана болобу, уктоочу бөлмө же жуунчу жай болобу - бардык бөлмөлөргө жайгаштырылды. Биз үстүбүздөгү кийим-кечеден башка эч нерсе албастан Мосулдан качып кеттик.

Ирак бийлиги Мосулдагы кол салуулар үчүн ким жооптуу болгонун расмий түрдө айтпаганы менен, айрымдар буга тийешеси бар деп, “ал-Кайида” уюмунан шектенишүүдө.

АКШнын Багдаддагы элчилиги террордук топторду айыптап, “алардын душманы – Ирактын жайкын тургундары” деген маанайда билдирүү таратты. АКШнын аткаминерлеринин айтымында, согушчандар өнүгүү жолуна багыт алган Ирактагы кырдаалды татаалдаштырууну көздөшүүдө.

Рим Папасы Бенедик XVI ушул аптада билдирүү менен чыгып, жакында эле орун алган кол салууларды айыптады, ал эми Бириккен Улуттар Уюму Мосулдагы христиандардын тагдырына тынчсыздануусун билдирүүдө.

Мосулдагы христиандар жамаатынын лидерлеринин бири Луис Сако (Louis Sako) дүйнө коомчулугуна кайрылып, Ирактагы христиандарды жалгыз калтырбоону өтүндү.

Сако “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын Ирак кызматына куруп берген маегинде бул кол салууларга ислам согушчандарынын тийешеси бар деген шектенүүсүн айткан.

Акыркы төрт жыл ичинде Иракта кол салуулар бир кыйла азайган. Бирок шаардан шаарга көчкөн жайкын тургундардын саны азая элек: жалпысынан төрт миллион адам Ирактан чыгып кеткен, же өлкөнүн башка салыштырмалуу тынч аймактарына качууга мажбур болгон.

Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики диний жамааттардын коопсуздугу үчүн чара көрүлөрүн убада кылууда. Ал эми өкмөт Мосулдагы христиандарды коргоо үчүн ушул аптада бул шаарга коопсуздук күчтөрү жиберилгенин билдирди.