Эне-Сайлык кыргыздар 1703-жылдын октябрь айынын бул күндөрү жунгарлар тарабынан күчтөп көчүрүлгөн. Түркстан крайынын генерал-губернаторлугу 1916-жылдын 16-октябрында кыргыздарды ээлеген жеринен көчүрүү маселесин талкуулаган.
Айрым жазма булак маалыматтарына караганда, энесайлык кыргыздар 1703-жылдын октябрь айынын бул күндөрү жунгарлар тарабынан мекенинен күчтөп көчүрүлгөн. Орус архивдик материалдарында кыргыздар жашаган аймакка 2500 чамалуу калмактар келишип, аларды зордук менен адегенде Жунгарияга жер которткон. Кыргыздардын Эне-Сайдан массалык жер которушу азыркы хакас калкынын фольклорунда сакталып калган. Алар кыргыздар кеткен капчыгайды бүгүнкү күнгө чейин «кыргыз кеткен чөл» дешет. Ал эми жунгарлардын кыргыздарды Жунгарияга көчүрүш маселеси биринчи кезекте алар жоокер мүнөз кыргыздардын аскердик күчүн өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, ошол эле кезде аларды көзөмөлдө кармоону көздөгөндөн улам жасалган.
1912-жылдын октябрь айында өткөн Шабдан баатырдын ашында кайрымдуулук максат үчүн акча каражат топтолгон. Ат чабыштан чогулган акчанын бир жарымы Токмок участкалык китепканасына бөлүнүп, ал 970 рубль деп аныкталган. Кайрымдуулук каражат Токмок участкалык приставынын штабс-капитаны Кутуковго тапшырылып, ал акчаны китепканага берүү милдетин алган. 1912-жылдын 16-октябрында штабас-капитан кайрымдуулук каражаттын 500 рублин гана китепканага өткөргөн. Натыйжада кызмат ордун кыянат пайдаланган чиновниктин иши тийиштүү органдар тарабынан териштириле баштаган.
1916-жылдын 16-октябрында Түркстан крайынын генерал-губернатору А. Н. Куропаткин жыйын өткөрүп, анда кыргыздарды ээлеген жеринен көчүрүү маселеси талкууланган. Жыйындын күн тартибине Ысык-Көл районундагы жана Пржевальск уездинде, Кемин өрөөнүндө, Жаркен уездинде жашаган кыргыздарды Нарынга көчүрүп, ал жерде өзүнчө уезд уюштуруу маселеси коюлган. Генерал-губернатор жеке өзү кыргыздар тарабынан орустардын каны төгүлгөн жерлерди Түркстан крайынын картасына белгилеп, козголоңчулардын жерин алуу керектигин билдирген. Пишпек, Пржевальск жана Жаркен уездинен жалпы жонунан 37 330 кыргыз адамдарынын 2 520 361 теше жери алынып, ал аймакка орус дыйкандарын жайгаштыруу жагдайы каралган.
Бул күнү Бириккен Улуттар Уюмунун чечимине ылайык, Бүткүл ааламдык тамак-аш күнү белгиленип, 1815-жылы император Наполеон Ыйык Елена аралына сүргүнгө айдалып, 1758-жылы америкалык филолог, жаңы англис тил сөздүгүнүн автору Ноа Уэбстер, 1854-жылы немец социал-демократы Карл Каутский, 1854-жылы ирланд жазуучусу Оскар Уайлд, 1863-жылы айтылуу саясатчы, Нобель сыйлыгынын лауреаты Остин Чемберлен жарык дүйнөгө келген.