ТЕМИР САРИЕВ: ИСАКОВДУН КЫЗМАТТАН КЕТИШИ – БИЙЛИКТЕГИ ЖАРАНЫН ЖАРЫЛЫШЫ

Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий абал боюнча “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кеп салып, жогорку бийликтегилердин катарында отурган айрым адамдардын кызматтан өз ыктыяры менен кетип жатышын бийликтеги жаранын жарылышы катары баалады.
- Кечээ күнү сиз “Кыргыз демократиясына шах” аттуу китебиңиздин бет ачарын жасадыңыз. Мына ушул китебиңиздин мазмунуна кыскача токтоло кетсеңиз?

-
Китеп акыркы 3 жарым жылдагы болуп өткөн окуялар жөнүндө. Мен өзүм саясатта жүргөндө, Жогорку Кеңештин депутаты, “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү болуп, саясий окуялардын башында жүргөндө көп окуялар өткөн, алардын көбү элге билинген эмес. Анткени 3 чоң митинг, андан башка дагы акциялар болуп, парламентте абдан орчундуу маселелер каралган. Ушулардын тегерегинде, Кыргызстандын келечеги, кетирген кемчиликтер, бийликтин кылып аткан иши, аткарбай калган убадалары жөнүндө сөз болот. Кээ бир саясатчыларга мүнөздөмө берилип, көп адамдар билбеген жолугушуулардын ички мазмуну айтылат. Менимче, бул китеп кайдыгер эмес адамдардын кызыгуусун туудурат болуш керек.

- Темир мырза, кыргыз демократиясы бүгүнкү күндө кандай деп боолголойсуз?

-
Тилекке каршы биздин ойлогон ой, койгон максаттар аткарылбай жатат. 24-март, 2005-жылы революция болду деп айтып жүрүшөт. Бүгүн ал жөн гана төңкөрүш болгон, күч менен бийлик алмаштыруу болгон деп толук айта алабыз. Анткени андан берки убакытты карап көрсөк эч нерсе өзгөргөн жок, көп жерде артка чегинген кадамдарды жасадык. Ошон үчүн демократиялык абалыбыз дагы, адам укуктары дагы, экономикалык дагы, жөнөкөй адамдардын күнүмдүк турмушу дагы абдан начарлап кетти. Бүгүн биз чынында эле абдан кыйын абалда турабыз.

- Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы И.Исаков менен БШКнын мурдагы төрайымы К.Кабилова атайын билдирүү таратып, кызматтан кетишине сиздин көз карашыңыз кандай?

-
Бул бийликтеги жаранын жарылып жатышы. Буга чейин айтып келгенбиз, бүгүнкү бийликтин башкаруу системасы бир адамдын колунда деп. Ал толук башкаралбай жатат. Ошон үчүн ары жагынан улам бирөө, туугандары же жакындары чыгып, жер-жерлерде мыйзамсыз чечимдер кабыл алынып, мамлекеттин негизги саясаты кандайдыр бир кичинекей топту камсыз кылып калды, элдин калың катмарына жетпей жатат. Чыдабаган, же өздөрүнүн жеке башына коркунуч түшүп кеткен адамдар пайда болду. Алардын ичинде жогорку бийликтегилердин катарында отурган адамдар да кете баштады. Ал эми жакында Орусиянын тышкы иштер министрлигинин атайын билдирүүсүндө Кыргызстандан бир миллионго жакын адам Орусияда эмгек мигранты болуп жүргөнү айтылат. Андан башка биздин ишкер адамдар дагы сыртка кеткенге мажбур болуп атат. Бул күнүмдүк көрүнүш. Ал эми саясатта жүргөн адамдардыкы орчундуу болуп көрүнүп калып атпайбы. Алардын бири Исмаил Исаков менен Кабилованын кетиши.

- “Акыйкат үчүн” кыймылы кечээки отурумунда элдик курултайды ноябрь айында өткөрө тургандыгын билдирбедиби. Ошол курултайда кайсы маселелер каралат?

Биз 2-3 күндөн кийин атайын жарыя жасайбыз. Анткени биз Кыргызстандын өнүгүү концепциясын жазып бүттүк. Ошондой эле үй-бүлөлүк башкаруу токтошу үчүн комиссиялык өзгөртүүлөрдү киргиздик. Анын тексти жарыяланып, октябрь-ноябрь айларында биздин пландар кабыл алынат.

- Рахмат маегиңизге.