Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 15:23тө жана 15:25те үч өлкө чектешкен аймакка жакын жерде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болуп өттү. КР сейсмология институтунун маалыматы боюнча жер титирөөнүн очогу Ош шаарынан 150, Алайдын Нура айлынан 35 чакырым аралыкта болгон. Чукул кырдаалдар министрлигинин түштүк башкармалыгы силкинүүнүн күчү Нура айлында жана Эркечтам бажы аймагында 5 балл, ал эми Ош шаарында 4 балл болгондугун кабарлоодо. Учурда жер титирөө болгон аймакта министрликтин атайын тобу иликтөө иштерин жүргүзүп, жакын жайгашкан элдүү аймактардын абалын изилдеп жатышат.(ZKo)