Оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймылы ноябрда күтүлүп жаткан курултайда бийликтин бийик тепкичтериндеги акыркы саясий окуяларды өзүнчө маселе катары күн тартибине киргизбейт. Бул тууралуу кечээги координациялык жыйындын алдында лидерлердин бири Аликбек Жекшенкулов билдирди. Оппозициялык лидерлер кечээги отурумунда Кыргызстандын өнүгүү концепциясынын долбооруна толуктоолорду киргизип, курултайдын күн тартибин талкуулашты. Анткен менен БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова менен Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Исмаил Исаковдун билдирүүлөрү саясий чөйрөдө олуттуу маселе бойдон калууда.
Президент Курманбек Бакиев апта башындагы салттуу чогулушта мурдагы Коопсуздук катчысы Исмаил Исаковду сынды көтөрө албай кетти, жеке таарынычын мамлекеттик деңгээлге алып чыкты деп, кабатырланды. Мындан мурдараак “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын лидерлеринин бири, мурдагы министр Марат Кайыпов Исмаил Исаковдун билдирүүсү президент менен бетме-бет сүйлөшүүнү, атүгүл туруктуу байланышты шарттайт деп болжогон. Ушул өңдүү божомолдордун тескерисинен чыгып, Исаковдун дарегине кескин пикирдин айтылышын саясат таануучу Кубан Абдымен президенттин өз пикирдешинен биротоло кол үзүшүнүн белгиси катары баалады:
- Бул аркылуу президент мамилени бир нукка салып койду, демек, экөөнүн мамилеси болбой калды дегенди билдирет.
Ошол эле мезгилде Исмаил Исаковду алдыга салган “Жаңы Кыргызстан” оппозицияга президенттик шайлоого баруу максатында атайылап чыкты дегендер да болууда. Бул жагынан алганда партия менен “Акыйкат үчүн” кыймылы кошулат деп болжоого болбойт:
- Адахан Мадумаров жана башкалар баштап оппозицияга чыгып аткан саясий партиялар өзүнчө саясий топ түзүшөт дагы, мисалы, президенттик шайлоого, саясатка өзүнчө катышат, - дейт талдоочу Табылды Акеров.
Кандай болгон учурда да саясий чөйрөнүн бийликти сынга алган тарабы БШКнын мурдагы төрайымы менен Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысынын кызматтан кетиши Кыргызстандын саясатында опурталдуу жагдайды түздү деп жатышат. “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев, маселен, кризиске бет алган бул жараянды токтотууга ириде президент өзү аракет кылышы керек дейт:
- Бул бийликтин ичинен ыдырап аткан, токтотууга болбой турган процесс. Муну бир гана жол менен токтотсо болот. Президент Бакиев элдин алдына чыгып, элдин үмүтүн аткара албай калгандыгы үчүн кечирим сурап, элдин күткөн реформаларын эмне үчүн жүргүзгөн жок түшүндүрүп берип, кандай кыска мөөнөттө киргизем десе.
Саясат таануучу Кубан Абдымендин пикиринде Кыргызстанды кыйын кырдаалдан Өзбекстан менен газ боюнча түзүлгөн жаңы кырдаал гана сактап калышы мүмкүн:
- Кырдаал чынында эле татаал болуп калды. Бийлик үчүн негативдүү жактар абдан эле көрүнүп калды. Эгер Каримов (Өзбекстандын президенти) кошумча газ берем дегени ишке ашпаса айласы кетет го. Айласы кеткенде ал өкмөткө жармашат. Өкмөткө жабышканда Бакиевдин тегерегиндегилер кысымга алына баштайт. Ошол тегерегиндеги оппозиция (реалдуу оппозиция эмес) үстөмдүк кылып, таасирин күчөтөт.
Ошол эле мезгилде президенттин апталык чогулушта билдиргенине караганда, ал Кыргызстандын тышкы жана ички саясаты ырааттуу, өз нугу менен бараткандыгына ишенип турат. Ага жараша 17-октябрга белгиленген парламент аркылуу кыргызстандыктарга кайрылуусунда Курманбек Бакиев экономикалык өнүгүүнү тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурууну мелжеп жатканы айтылууда.