Ооганстандын чалгындоо кызматы талиптер даярдап жаткан чабуулдун бетин ачканын билдирди

Атап айтканда, талиптер жан кечтилердин жардамы менен Кабулдун жака белиндеги Пул-и Шарки түрмөсүнө кол салууну көздөшкөн. Чалгындоо кызматы белгилегендей, бул – талип согушкерлеринин, башка кылмышкерлердин бошотулушуна алып келмек. Абакта иштеген 3 полициячы камакка алынды. Аларга кутумду даярдоого жардамдашуу үчүн пара алышкан деген айып тагылууда. Июнда Кандагардагы түрмөгө болгон кол салуудан 900дөй туткун, анын ичинде 400дөй талип жоочу качып чыккан.