А. ЖОРОБЕКОВ: ЖАШТАР САЯСАТЫН ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАШТАРДЫН ӨЗҮНӨ БЕРИЛЕТ

Маектешкен Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек КМШнын кечээки Бишкек саммитиндеги чечимге ылайык, 2009-жыл - жаштар жылы деп белгиленди. Жаштар иши боюнча мамлекеттик департаменттин жетекчиси Айдар Жоробеков буга байланыштуу “Азаттыкка” маек куруп берди
- Айдар мырза, КМШда жаштарга мамлекеттер аралык деңгээлде көңүл бурулуп жатышынын себеби эмнеде?

- Бул биринчиден КМШдагы жаштардын, жаштар менен иштеген органдардын өз ишин активдүү алып баргандыгынын көрсөткүчү. Ушул жылдын башында КМШнын Жаштар кеңеши бул маселени талкууга алганбыз. Бир катар мамлекеттер мындай демилге көтөрүп, аны ишке ашыруу боюнча милдеттемелерди алган. Алардын катарында биз да жаштар форумун, жолугушууларын өткөрдүк. Мынакей саммиттин алдында 6-8-октябрларда болуп өткөн жаштардын жолугушуусунда биз кайрылуу кабыл алдык. Бул кайрылуубузда жалпысынан КМШдагы мамлекет башчылардын азыркы реформаларын, демилгелерин колдой тургандыгыбызды айтуу менен, бир нече маселелерге өзгөчө көңүл бурууну сурандык.

- Мисалы кандай көйгөйлөр өзгөчө көңүл бурууга зарыл?

- КМШда жаштардын маселеси окшош. Жалпылап айтканда, билим берүү системасы, жумуш менен камсыз кылуу. Биздин Борбор Азияда расалык дискриминацияны же дагы башка саясий кемсинтүүлөрдү жок кылуу сыяктуу маселелерге көңүл буруп, аларды чечүү, жоюу боюнча мамлекет башчыларга кайрылдык. 2020-жылга чейин КМШнын алкагында жаштар стратегиясын бекитип берсеңиздер, ошол стратегияны ишке ашыруу максатында орто мөөнөткө белгиленген 1012-жылга чейин программанын бекитип берсеңиздер деп сурандык. Албетте бул программаны өзүбүз иштеп чыгабыз. Мына бүгүн саясий чечим кабыл алынды, 2009-жыл КМШда жаштар жылы деп жарыяланды. Президентибиз Курманбек Бакиев белгилеп кеткендей, жөн гана жарыялап койбостон, тийиштүү органдардын максаттары, пландары, иш-аракеттери белгилениши керек. Мен ойлойм, бул жагынан биз жаштарга динамика беребиз.

- Айдар мырза, сиздердин департаментти натыйжалуу иш алып бара алган жок деп сындагандар бар. Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Мамасалиев менен маек курган элем. Анда депутат мырза сиздердин мүчүлүштүктөрдү айтып, жаштар саясаты боюнча жаңы улуттук концепция иштелип чыгып жатканын билдирген. Ага ылайык, жаштар департаменти жоюлуп, анын милдеттери, озуйпалары министрликтерге, мамлекеттик мекемелерге жүктөлөт экен. Сиз бул улуттук концепция менен таанышсызбы? Жаштар саясатын концепцияда белгиленип жаткандай нукта жүргүзүү натыйжалуубу?

- Мен Алишерди абдан сыйлайм. Бирок элге маалымат таратуудан мурда, ал каяктан келип чыкты, ошол таржымалды да айтып бериш керек. Акыркы бир катар жолугушууларга Алишер өзү келген жок. Анан мындай чечимдерге ал каяктан келди?

Тактап кетейин, азыркы кезде бизде жаштар концепциясын иштеп чыгуу боюнча формалдуу эмес топ бар. Ал топто президенттин администрациясынын өкүлдөрү, биз, жаштар уюмдарынын лидерлери жана депутаттар бар. Бул адамдар жаштар маселесине чындап кызыккан адамдар. Бул топту түзүү идеясы ушул жылдын август айында Ысык-Көлдөгү жыйында көтөрүлгөн. Биз бул топ болуп ар бир жумада жолугуп жатабыз. 19-октябрда дагы бир семинар өткөрсөкпү деп турабыз.

Көлдөгү жыйында мен жаштар саясатын жакшылап анализдеп туруп, конкреттүү чечимдерге келиш керек деп айткам. Жаштар саясаты бизге керекпи, керек болсо кандай формада, мазмунда керек деп суроо койгом. Эми жаштар маселеси сектор аралык маселе да. Ошондон улам мен жаштар саясаты өзүнчө багыт болуш керек, же жаштар департаментин жоюп эле ар бир министрликтерге өзүнчө бөлүм катары бериш керек деп айттым эле.

- Демек демилге сиздерден чыккан экен да?

- Ооба. Эгер өзүнчө кала турган болсок анда кандай бюджет керек, канча каражат болсо өзүн актайт деп айтылган. Бирок эч ким андай чечим кабыл алган эмес.

- Жаштар иши боюнча департамент акчанын жоктугун ар дайым маселе кылып, ишти жөндөй албай жатат деп айтылган.

- Акча сурабай эле биз мамлекет бөлүп берген каражаттан да көп каражатты сырттан тартып келдик. Мени таң калтырганы урматуу депутаттын жумушчу топтун пикирин жалпылап айтып салганы. Жумушчу топ азырынча жыйынттыкка келе элек.

- Айдар мырза, сиздер жалаң эле бийликчил жаштар менен иш алып барып жаткандайсыздар. Мына 6-октябрдагы жыйынды да айтып өттүңүз . Ага катышкандарды тизмектеп өткөнүңүздө карасам КМШ аймагындагы бийликчил партиянын болобу, уюмдардын башчыларын чогултупсуздар. Бирок Кыргызстанда бир катар жаштардын бейөкмөт уюмдары, кыймылдары да бар эмеспи. Сиздер аларга кайрылган жоксуздарбы?

- Жарым жылдан бери эле маалымдап келаттык. Саммитке карата жаш лидерлердин жолугушуусу болот деп. Ушундай маалыматты укканда бизге бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, партиялардан кайрылбайт. Мисалы өздөрү келип, активдүүлүк көрсөтүп биз менен конструктивдүү иш алып барып жаткандардан дагы эле “Ыйык Ата Журт” коомдук кору, “Биздин кылым” уюму, жогорку окуу жайлардын жаштар комитеттери. Бизди дагы КМШнын жаштар форумуна “Ак жол” партиясынын жаштары эле катышты деп айыпташкан эле. Алар бизге кайрылышты, биз жөн гана аларга коммуникативдик база түзүп бердик. Өзүнүн каражатына катышып кетишти.

- Алдыда кандай конкреттүү пландарыңыздар бар. Сиздерди кайсы бир майрамдарда же даталуу күндөрдө шаан-шөкөттөрдү уюштуруу менен эле чектелет, маселе чечпейт деп да айтышат.

- Байкасаңыздар керек. Мурдагы он беш жылга салыштырмалуу бир да шаан-шөкөт уюштурбайбыз. Шаан-шөкөт уюштурган башка жаштар уюмдары бар. Өзүңүз билгендей, жаштар арасында долбоорлор сынагынын жобосун бекиттик. Бизге баардык жаштардын уюмдары келип, сынакка катышуу үчүн арызын калтырып кетсе болот. Ал долбоорлор тандалып, жаштар саясатында кайсыл багыт, же долбоор маанилүү деп табылса ошолор гана каржыланат. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, мындан ары жаштар саясатын жүргүзүү мамлекеттик орган – жаштар департаменти эмес жаштардын өзүнүн колуна берилет.

- Рахмат сизге.