А. МАМАСАЛИЕВ: ЖАШТАР САЯСАТЫ БОЮНЧА ЖАҢЫ КОНЦЕПЦИЯ ДЭЭРЛИК ДАЯР

Маектешкен Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек КМШга кирген мамлекеттердин башчылары кечээки Бишкек саммитинде эмдиги жылды жаштардыкы деген чечим кабыл алышты. “Азаттыктын” ушул маселенин тегерегиндеги суроолоруна Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Мамасалиев жооп берди. А. Мамасалиев Кыргызстандагы жаштар саясаты боюнча жаңы улуттук концепцияны иштеп жаткандардын бири.
- 2009-жылдын жаштар жылы деп жарыяланышы бул аймактагы жаштар маселесин чечүүдө салым кошо алат деп ойлосузбу?

- КМШнын жаштары үчүн бул аябай маанилүү. Азыр дүйнөдө каржылык кризис, грузин-орус жаңжалы сыяктуу чоң проблемалар бар. Бирок КМШнын жетекчилери ага карабай, эмдиги жылды жаштардын жылы деп чечиптир. Мен муну жаштардын проблемаларын жогорку деңгээлде көтөрүп чечкенге аракеттер жасалып жатат деп баалайт элем. Жакшы демилге, сөзсүз колдойбуз. Бирок бир проблема бар. КМШнын жыйындарында кабыл алынып жаткан документтер, токтомдордун дээрлик сексен пайызы кагаз жүзүндө калып жатат.

Бул демилгенин максаты эмне, же максаты кайсы жолдор менен ишке ашат, ушул жагын белгилеп берсе туура болот эле. Себеби бул чоң маселе: мыйзамдарды өзгөртүү керекпи, же жаштардын саясатын координациялаган мекемелер өзгөрүш керекпи. Ушундай механизмдер көрсөтүлүп, белгилениши керек. Демилге жакшы, эгер ишке ашса анда жаштардын эле келечеги эмес, жалпы КМШнын келечеги үчүн жакшы аракет болот.

- Кыргызстанга кайрылсак. Жаштар саясаты боюнча жаңы улуттук концепцияны иштеп чыгып жаткан жумушчу топтун мүчөсү эмессизби. Ушул жаатта иштер кандай болуп жатат? Концепцияга ылайык жаштар саясатын жөндөө үчүн мыйзамдык өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилиши керек деп ойлойсузбу?

- Жарым жыл болуп калды, биз жаңы улуттук концепцияны иштеп чыгып жатабыз. Бүгүнкү күндө сексен пайызы даяр. Мен сизге айтып кетейин. 16-18-октябрларда жумушчу топ өзүнүн акыркы жыйынына чогулат. Жыйында концепциянын долбоорун сунуштайбыз деп турабыз.

Эми сиздин мыйзамдар, токтомдор өзгөрөбү деген сурооңуз боюнча айтайын. Биз оболу Жаштар боюнча департаменттин ишине баа беришибиз керек. Бул департамент өзүнүн ишин, милдетин так аткарып жатабы, же бул департаментти таратып, жаштардын маселесин ар бир министрликтердин өзүнчө бөлүмдөрүнө бериш керекпи деген маселени чечели деген оюбуз бар. Андан сырткары жаштардын саясатын өкмөт эмес, президенттин администрациясы алса, деңгээли кичине көтөрүлөт эле.

- Маегиңизге рахмат.