ТҮШҮМДҮН ЖЫЙНАЛЫШЫ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТАР ЧЫНДЫККА ДАЛ КЕЛБЕЙТ

Айгүл Жунушалиева, Бишкек Кылычын сүйрөгөн кыштын келээрине аз гана убакыт калды. Бийлик быйыл эгин, азык-түлүк кыштан кыйналбай чыккыдай көлөмдө чогулуп атат деп ырастоодо. Республика 830 миң тонна буудай жыйналды. Бул тазаланбаган буудайдын көлөмү. Ал арада жер-жерлерде жыйналып аткан дандын түшүмү тууралуу маалыматтар ашыра берилип жатканы маалым болду.
Өлкөдө учурда оруп-жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат. Өлкө калкынын курсагын тойгузуу үчүн бир миллион тоннадан ашык буудай зарыл. Быйыл өкмөт тарабынан 800 миң тонна эгин жыйноо максат кылынган. Калганы Казакстандан сатылып алынат.

Айыл, суу жана кайра иштетүү министрлигинин эгин жыйноо бөлүмүнүн башчысы Сагымбек Аскарбековдун айтымында, ушул тапта өлкө боюнча буудай дээрлик жыйналып бүтүп калды:

- Республика боюнча буудай жыйноо токсон жети пайызга аяктады. Жалпысынан 830 миң тонна буудай жыйналды. Бул тазаланбаган буудайдын көлөмү, тазалоодо он пайыздай дан жокко чыгарылат. Азырынча эгин жыйноо толугу менен аяктай элек, бирок кантсе да сегиз жүз миң тоннадан ашык буудай жыйнап алабыз деп атабыз.

Сагымбек Аскарбеков ошондой эле быйыл буудай таңсыктыгы болбостугун кошумчалады.
Анткен менен депутат Бакыт Бешимов каржы, энергетикалык кризис болуп жаткан учурда азык-түлүк кризиси болбойт дегенге эч кандай кепилдик жок экенин айтат:

- Бийлик элди ойлогон деле жок. Баалар болсо минтип өсүп жатат. Анан акчасы жок карапайым калк кантип курсагын тойгузат?

Ал эми айрым адистер жер-жерлерде жыйналып жаткан дандын түшүмү ашырылып айтылып жатканын белгилешүүдө. Расмий маалыматтар боюнча, түшүмдүүлүк гектарына 22 центнерди түзүп жатат. Мындай маалыматтын чын-төгүнүн билүү максатында жакында өкмөт тарабынан атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жетекчиси Камил Жумабаевдин айтымында, жер-жерлерде түшүмдүүлүк тууралуу отчеттордун чындыкка дал келбей жатканы маалым болду:

- Ушул тапта түштүк аймактагы облустарды текшерип бүттүк. Чын эле сандар ашыра берилиптир. Жалал-Абад облусунда орточо түшүмдүүлүк гектарына жыйырма тогуз центнерден жогору делген. Текшере келгенде 27,7 центнер экени билинди. Баткенде жана Ошто отчеттогудан бир жарым центнерге аз эгин жыйналып жатканы иликтенди.

Камил мырзанын айтымында, октябрдын онуна чейин өлкөнүн башка да аймактарында аталган маселе боюнча иликтөөлөр аяктап, жыйынтыктар маалым болот.

Ал эми башка өсүмдүктөр туралуу айтсак, ушул тапта Таласта 33 миң тоннадан ашык төө буурчак жыйналды, башкача айтканда, түшүм дээрлик токсон пайызга жыйналды. Түштүктө була чогултулуп, анын баасы жыйырма беш сомду түзүүдө. Бул былтыркыга салыштырмалуу жети сомго кымбат. Картошка болсо гектарына сегиз жүз алтымыш эки миң тонна жыйналды. Бул көрсөткүч былтыркыга караганда кыйла көп.

Деген менен быйыл дыйкандар кант кызылчасын дээрлик айдашкан жок. Мунун себеби тууралуу айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин илим жана өнүгүү башкармалыгынын адиси Анатолий Елецкий “Азаттыкка” буларды айтты:

- Себеби кант кызылчасын иштетүүчү заводдор жабылып калбадыбы. Алар газ, жабдыктарды, чийки затты жогору баада сатып алышчу. Андыктан, чыгымдарды жабуу үчүн кызылча иштетүүнүн баасын асмандатышкан. Мындай жагдайда дыйкандарга кант кызылчасын айдоо пайдасыз.

Ошентип кумшекерге келгенде, биз толугу менен чет өлкөлөрдөн көз каранды болуп калдык. Эгерде ошол эле Казакстан же Орусия шекер баасын жогорулатып жиберсе, өлкө ага каршы тура албайт.