К.ОСМОНАЛИЕВ: НООКАТТАГЫ ОКУЯ “ХИЗБ-УТ ТАХРИРДИН” АЙДАГЫ МЕНЕН БОЛГОН

Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Орозо айт күнү Ноокатта чатак чыгып, райондук акимчиликтин имараты таш бараңга алынган эле. Андан соң дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик муфтият менен бирге бул окуянын себептерин иликтөөгө алган эле. Аталган агенттиктин башчысы Каныбек Осмоналиев ушул окуянын тегерегинде “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
- Сиздер кечээ күнү муфтий менен биргеликте Ноокатта болуп келдиңиздер. 1-октябрдагы окуянын чыныгы себебин аныктай алдыңыздарбы?

Чынында эле 1-октябрь күнү бүт мусулмандар үчүн ыйык болуп эсептелген Орозо айт майрамы майрамдалган болчу. Тилекке каршы кээ бир райондордо, мисалы Ноокатта айт намаз окулгандан кийин бир топ деструктивдүү элементтердин айдагы менен негизинен жаштар, 100дөн-150гө чейинки балдар, аялдар жана абышкалар бир топ мыйзам бузуучулукка барышып, Ноокат районунун администрациясынын имаратына таш ыргытышып, ошондой бир иш болуп кетти. Биз дароо эле 3-октябрь күнү муфтий Муратаалы ажы Жуманов экөөбүз барып, 300-350гө жакын имам-хатибдерди, облустардын казыларын, кадыр-барктуу аксакалдардын баарын чогултуп жолугуштук. Натыйжада чынында эле Ноокат шаарынын ичинде динге, анын ичинде ислам дини менен байланышкан бир топ көйгөй маселелер бар экендиги айгинеленип калды. Бул окуя чынында эле Жогорку соттун чечими менен экстремисттик деп аталган “Хизб-ут Тахрир”, исламий партиясынын айдагы менен болгондугу көрүнүп турат. Натыйжада кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө окуянын онго жакын активдүү катышуучулары тергөө иштерине тартылууда.

- Расмий дин адамдары ал жерге катышкан эмес деп муфтий айтты эле, бул аныкталдыбы?

-
Аны мен директор катары 100 пайыз андай экен, мындай экен деп атуудан алысмын. Себеби убагында дооматтар болду, кээ бир мечиттердин имамдары кээ бир деструктивдүү маанайдагы адамдарга шарт түзүп бергендей болгондугу жөнүндө бири-бирине дооматтар айтылды. Менимче, иликтөө иштери дагы алдыда, муну эми тергөө иши көрсөтөт.

- Сиз 1-октябрдан кийин эле болгон маалымат жыйынында мыйзамдык жактан бул маселени тейлөө үчүн тезинен чаралар көрүлүш керек деп айттыңыз эле. Бул оюңуз ошол сапар менен бекемделдиби?

-
Абдан бекемеделди, туура баамдадыңыз. Чынында эле 17 жылдан бери 91-жылы кабыл алынган мыйзамыбыз бүгүнкү күндө дээрлик түрдө иштебей турат, кээ бир учурларда зыянга иштеп аткандыгы белгилүү болду. Ошонун эң көрүнүктүү окуясы Ноокатта болду. Натыйжада азыр Жогорку Кеңеште абдан активдүү иштер жүрүп жатат. Менимче жакын арада ошол мыйзамдын жаңы редакциясы каралат.

- Бизде мыйзам, анан жазалоо менен күчөтүү дагы бир жагынан мамлекеттин ишидир. Бирок ошол эле кезде мамлекеттик идеология аркылуу, динге карата мамиле аркылуу бул абалдан чыгуунун жолдорун карап көрсө болобу деген да суроо бар. Маселен, Өзбекстан бийлиги билимдүү ислам деген идеологияны сунуштап, бул жерде орто кылымдагы ислам эмес, азыркы заманга жараша ислам болуш керек деген маселени алдыга чыгарууда. Бизде да ушуга басым жасалабы?

-
Басым жасалат сөзсүз түрдө. Биз бул багытта иштеп жатабыз. Чынында эле исламдын чыныгы баалуулуктары эч кандай зордук-зомбулукка жол бербейт. Ошону биз элдин салты, кыргыз элинин салты, үрп-адаты жана кылымдардан бери келе жаткан өздөрүнүн саясаты менен аралаштырып, жуурулуштуруп, ошол багытта исламдын чыныгы баалуулуктарын кабыл алып дегендей, ошондой иштерди жүргүзүүгө багыт койдук. Менимче, бул бүт жалпы элдик, жапа тырмак киришип иштей турган жумуш.

- Артында “Хизб-ут Тахрир” партиясы турат экен деп айттыңыз. Ушул партияны каржылоо булактарын табууга кандай аракет жасалат?

-Укук коргоо органдарынын бир топ иштери бар. Азыр конкреттүү түрдө айтуу туура эмес болуп калат. Менимче, бир топ далилдөө базалары бар экендиги жөнүндө азыр кабардарбыз.

- Маегиңизге ырахмат.